ЧЫҢЫЗ АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ 

  • 18.10.2018
  • 0

«Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо» аттуу кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму кийинки жылы Казакстандын Талдыкорган шаарында өтөт. Бул тууралуу ОшМУда өткөн форумда белгилүү болду.  

ЧЫҢЫЗ АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ 

Экинчи форум 11-12-октябрда Ош мамлекеттик университетинде өттүп, ага  кыргыз-казак элинин бир катар окумуштуулары, акын-жазуучулар, өнөр адамдары катышышты.

ЧЫҢЫЗ АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ 

Кыргыз-казак форумунун биринчи отуруму мындан он жыл мурун Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Экинчиси Ош шаарында, анын ичинде Борбордук Азиядагы эң чоң университетте өтүп жаткандыгынын мааниси терең экендигин, форумдун Ош шаарында өтүүсүнө Ош мамлекеттик университети демилгечи болгондугун, бул шаар Түрк дүйөсүнүн маданий борборуна айлана тургандыгын катышуучулар баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Ош шаары жана Ош мамлекеттик университети менен таанышып, искусство факультетинин окутуучуларынын сүрөт көргөзмөлөрүнө күбө болушту. 11-октябрь күнү кечинде ОшМУ тарабынан академиялык кече тартууланды. Анда таланттуу студенттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларынын негизинде даярдалган композицияны тартуулашты. Мыкты даярдык менен коюлган композияция көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырды.

Форумдун экинчи күнүндө казак-кыргыз илимпоздору, акын-жазуучулары, өнөр адамдары эки элдин достугун даңазалап, ойлорун ортого салып, пикир алышып, достук, ынтымак, биримдиктин мааниси тууралуу баарлашышты. Соңунда катышуучулар тарабынан кыргыз, казак элине кайрылуу жолдонду.

Бөлүшүү

Комментарийлер