“ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ – КЫРГЫЗ -КАЗАК ЭЛИНИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ” VII ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ

  • 24.01.2023
  • 0

Бүгүн, 24-январда Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – кыргыз -казак элинин руханий байлыгы” VII эл аралык форуму өттү.

“ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ – КЫРГЫЗ -КАЗАК ЭЛИНИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ” VII ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ

Форумга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ж.б. катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов конокторго жана форумдун катышуучуларына Президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн окуду.

“Жан дүйнөсү бириккен эгиз элдин орток дөөлөттөрү өтө көп. Эки элдин бир туугандык, боордоштук, кыйбастык мамилелери кылымдарды карытып, Токтогул менен Жамбылдын, Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун чыныгы жан күйөрлүк мамилелери бүгүнкү урпактарыбызга мурас болуп уланып жатат. Эки элдин орток сыймыгына айланган Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы дүйнө жүзү боюнча белгиленип, кайрадан даңазаланат”, — деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.

Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев  Айтматовдун чыгармалары бүткүл адамзаты үчүн опол тоодой орунга ээ экендигин айтып, өзү залкар жазуучунун чыгармалары менен чоңойгондугун билдирди.

“Биз бүгүн боордош эки эл үчүн абдан маанилүү иш-чарада олтурабыз. Биздин маданиятыбыз, тилибиз, дилибиз бир. Эки элди куштун эки канатындай эгиз деп айтсак да ашыктык кылбас. Биз бардык тармакта, айрыкча маданият жаатында да тыгыз байланышты түзө алдык. Чыңгыз Айтматовдун Муктар Ауэзов менен устат-шакирт болгону баарыбызга маалым. Былтыр Ауэзовдун 125 жылдыгы кандай маанилүүлүк менен белгиленсе, Айтматовдун 95 жылдыгы да ошондой деңгээлде белгиленип жатат”, — деди Маулен Ашимбаев.

Маулен Ашимбаев мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкуловго Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достук” орденин, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов жана “Дордой” ассоциациясынын ардактуу директору Аскар Салымбековго Казакстан Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын тапшырды.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов  Кытай, Корея, Жапония өлкөлөрүндө атайын Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулардын саны өсүп жаткандыгын белгиледи.

 “Чыңгыз Айтматов бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып, кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн жеткирди. Дүйнө окумуштуулары жазуучунун чыгармаларынын улам жаңы жактарын ачууда. Батышта өлкөлөрүндө, коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда Айтматов таануучулардын өзүнчө муундары бар. Кытай окумуштууларынын Ч.Айтматов кытай жазуучуларына кандай таасир бергендиги жөнүндөгү эмгектери өзгөчө кызыгууну туудурат”, — деп биллирди министр.

Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер