Бердалы Календеров орто мектебине жаңы директор дайындалды
- 29.10.2025
- 0
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектепке Улукбек Артыков директор болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, мурдагы директор Мелисбек Ашыpбеков өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Анын ордуна ушул эле мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келген Улукбек Артыков сынактан өтүп, директорлук кызматка бекитилди.

Улукбек Шакирович Артыков 1977-жылдын 24-июнунда Чолок-Кайың айылында туулган. Ал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин бүтүрүп, математика жана информатика мугалими адистигин алган.
Эмгек жолун 1999-жылы Бердалы Календeров атындагы орто мектепте математика жана информатика мугалими болуп баштаган. 2006–2007-жылдары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2007–2014-жылдары ошол эле мектептин директору болуп иштеген. 2014–2017-жылдары информатика мугалими, 2017–2018-жылдары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. 2019–2025-жылдары да ушул кызматта иштеп келген.
2025-жылдын 14-августунан тарта Улукбек Артыков убактылуу директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, учурда расмий түрдө мектеп директорлук кызматын аркалоодо.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «Кут Билим»
Комментарийлер