ЧЕТ ӨЛКӨЛӨР КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН АЖЫРАТКАН ГРАНТТЫК ОРУНДАР БОЮНЧА ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

  • 05.03.2020
  • 0
ЧЕТ ӨЛКӨЛӨР КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН АЖЫРАТКАН ГРАНТТЫК ОРУНДАР БОЮНЧА ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Билим берүү жана илим министрлигинде 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө акысыз билим алууга ажыратылган гранттык орундар боюнча маалымат жыйын өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Чинара Мааткеримова 2020-2021-окуу жылына карата кайсы мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн гранттык орундарды ажыраткандыгы, өткөрүлгөн жана өткөрүлүүчү сынактар боюнча журналисттерге маалымат берди.

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде төмөнкү мамлекеттерге кыргызстандыктарды тандоо, сынактан өткөрүү жана аларды жөнөтүү боюнча жумуштар алып барылып жатат.

Бул бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча:

  1. Белоруссия 2020-2021-окуу жылы үчүн сегиз гранттык орун бөлгөн. Бакалавриат – 5, магистратура – 3 орун. Учурда магистратура программасы боюнча эки адистикке 6-мартка чейин сынак ачык.
  2. Венгрия 2020-2021-окуу жылы үчүн 75 гранттык орун бөлгөн. Бакалавриат — 30, магистратура – 30, докторантура – 15. Сынак 20-февралда токтотулган. 99 адамдан (сунушталган жана резерв) турган тизме дипломатиялык каналдар аркылуу Венгрия тарапка кароого жөнөтүлдү.
  3. Казакстан 2020-2021-окуу жылы үчүн 5 гранттык орун бөлүп жатат. Бакалавриат – 3, магистратура – 2 орун. Сынак жакында жарыяланат.
  1. Кытай Эл Республикасы 2020-2021-окуу жылы үчүн эки багыт аркылуу жалпы 19 гранттык орун бөлгөн. Биринчиси – эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин келишиминин негизинде 6 гранттык орун: бакалавриат – 2, магистратура – 2, докторантура – 1, тил такшалмасы – 1. Сынак 14-февралда токтотулган. 10 адамдын турган тизме (сунушталган жана резерв) дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай тарапка кароого жөнөтүлдү.

Экинчиси — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде 13 гранттык орун бөлүнгөн. Бакалавриат – 5, магистратура – 4, докторантура – 1, тил такшалмасы – 3. Сынак 13-январда жабылып, 17 адамдын турган тизме (сунушталган жана резерв) дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай тарапка кароого жөнөтүлгөн.

  1. Латвия жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасы ачык. Талапкерлер 1-апрелге чейин тиешелүү документтерин тапшырса болот.
  2. Россия жыл сайын 370-400 гранттык орун бөлөт. Сынак 2-мартта жабылган.
  3. Тажикстан 2020-2021-окуу жылы үчүн бакалавриат программасынын түрдүү багыттары боюнча 40 гранттык орун бөлөт. Сынак жакында жарыяланат.

Мындан сырткары министрликтин сайтында жана Фейсбуктагы расмий баракчабызда Азербайджан, Индия, Индонезия, Түркия, Румыния, Сербиянын жогорку окуу жайларындагы стипендиялык программалар боюнча маалымат жарыяланган. Ошондой эле мектеп мугалимдери үчүн Японияда акысыз билимин жогорулатуу программасы тууралуу кабарлаганбыз.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер