ЧАТКАЛДА ҮЧ АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 20.12.2018
  • 0

Алыскы Чаткал районундагы Сумсар орто мектебинде аалам жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана мамлекеттик тилге арналган үч айлык жыйынтыкталды. 

ЧАТКАЛДА ҮЧ АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Үч айлык мектептин «Тил жана искусство» усулдук бирикмеси тарабынан жаңы окуу жылынын башында жарыяланган. Бул күндөрү мектепте эне тилди жана Айтматов ааламын даңазалаган ачык сабактар, жазуучунун чыгармалары боюнча окуучулар арасында сүрөт, монолог сынактары өттү. Тажрыйбалуу мугалим А.Халитова жетектеген жогорку класстар жомокторду куурчак театр түрүндө башалгыч класстарга көрсөтүшсө, кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Алымова жетектеген 11-класстын окуучулары “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасын сахналаштырышты.

12-декабрь жазуучунун туулган күнүнө арналган адабий музыкалык кече Айтматовдун балалыгын чагылдырган көрүнүш менен башталып, ыр-бийлер жана жаш акындардын калеминен жаралган жазуучуга арналган ырлар менен коштолду. Айыл тургуну Мадалиева Канзаданын аткаруусундагы Акбаранын жана Жер Эненин монологу көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты.

  • Кеченин жыйынтыгында сүрөт жана монологдор сынагынын жеңүүчүлөрү мактоо баракчалары менен сыйланышты. Мектеп директору К.Сатыбалдиева бул иш-чарага активдүү катышкан мугалимдерге жана окуучуларга ыраазычылык билдирди. Биздин мектепте актовый зал жок болгондуктан иш-чараларды спорт залды жасалгалап өткөнгө мажбурбуз. Бирок ошого карабастан мектепте таланттуу балдар абдан көп, — дейт мектептин усулдук бирикме жетекичиси Момунова Жаңылай.
Бөлүшүү

Комментарийлер