ЧҮЙ ОБЛУСУН АКШНЫН СИЛИКОН ӨРӨӨНҮНДӨЙ КЫЛАБЫЗ

  • 14.09.2022
  • 0

«Чүй облусунда кырктан ашык жогорку окуу жайы жайгашкан. Андыктан биз Бишкек менен Чүй облусун АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Силикон өрөөнүндөй кылууга аракет кылышыбыз керек», — дейт КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда.

ЧҮЙ ОБЛУСУН АКШНЫН СИЛИКОН ӨРӨӨНҮНДӨЙ КЫЛАБЫЗСиликон өрөөнү – Калифорниядагы Сан-Франциско булуңунун түштүк бөлүгү, анда көптөгөн стартаптар жана эл аралык жогорку технологиялык корпорациялар, анын ичинде Apple, Facebook жана Google баш кеңсеси жайгашкан. Жаңы технологияларды иштеп чыгуучу уюмдар Пало-Альтодогу Стэнфорд университетинин айланасында топтолгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер