ҮЧ ОБЛУСТА ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

  • 21.09.2022
  • 0

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорун дайындоо сынагы чек арадагы окуяларга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлө турган даталар тууралуу кошумча маалымат берилет.

Мурдараак мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын сынактын экинчи айлампасынын графиги бекитилген. Ага ылайык, тестирлөө Баткен облусунда 21-сентябрга, Жалал-Абад облусунда 21-22-сентябрга, ал эми Ош облусунда 23-24-сентябрга пландалган эле.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер