ЧҮЙ ОБЛАСТЫНДАГЫ СЕМИНАР: «ШАХМАТ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
- 31.01.2019
- 0
30-январда Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагындагы №20 бала бакчасында “Шахмат дүйнөсүнө саякат” аттуу темада облустук семинар уюштурулуп өткөрүлдү.
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбеков К.Э. сөз сүйлөп ачып, Военно-Антоновкадагы бала бакчанын жетекчиси жана андагы ийгиликтер менен тааныштырды.
Семинардын максаты шахмат ойногонго балдардын кызыгуусун күчөтүү жана ата-энеси менен чогуу шахмат ойноонун ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.
Семинарда Какеева Махабаттын шахмат оюну боюнча сабагы көрсөтүлдү. Ошондой эле меймандар балдардын чий-куурчак, оймо-чийме, сүрөт тартуу боюнча эмгектери менен да таанышты.
Семинарга Чүй облусунун усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Эгембердиева В.А. жана Чүй-Токмок, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана бала бакча башчылары катышты.
Комментарийлер