Ч.АЙТМАТОВ — АДАМЗАТ РУХУН АСЫЛДАНДЫРГАН ДООРДУН ДАНАКЕРИ

  • 18.12.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Мамлекеттик тил күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч айлыктын жыйынтыктоочу салтанаты өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Ч.АЙТМАТОВ - АДАМЗАТ РУХУН АСЫЛДАНДЫРГАН ДООРДУН ДАНАКЕРИ

Иш-чарага аталган комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаев, Ош шаардык мэриясынан тиешелүү өкүлдөр жана ОГПИнин ректору Б.Зулуев баштаган окуу жайдын жамааты, студенттер катышты.

Кечеге келген коноктор алгач окуу жайдын короосунда улуу жазуучунун чыгармаларынан даярдалган эпизоддорго жана студенттердин сүрөт, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө күбө болушту. Андан соң расмий бөлүгүндө Н.Ишекеев үч айлыктын жүрүшүндө мыкты иш алып барган Ош шаарындагы мамлекеттик мекеме-иш каналардын тиешелүү кызматкерлерине Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин жана Ардак грамоталарын тапшырды.

Салтанат ОГПИнин башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган «Ч.Айтматов — адамзат рухун асылдандырган доордун данакери» аттуу адабий-музыкалуу кечеси менен уланды. Мында окутуучулар “Манас” эпосунан тарта кыргыздын чыгаан инсандарынын тарыхый окуяларын чагылдырган мыкты көрүнүштөрдү, мамлекеттик тилди даңазалаган ырларды аткарышса, таланттуу студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун өмүр жолунун урунттуу учурлары, таасирдүү окуялары сахналаштырылып, чыгармаларынан үзүндүлөр жеткиликтүү аткарылды. Кеченин жыйынтыгында уюштуруу тобу даярдаган жазуучунун «Фудзиямада кадыр түн» чыгармасынан видео-ролик көрсөтүлүп, акырында үч айлыктын жыйынтыгынын негизинде мыкты деп табылган студенттер ОГПИнин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер