“БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ-ТАЙМАШЫ

  • 07.05.2018
  • 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №60 Р.Сөлпүев атындагы орто мектепте «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата “Брейн-ринг” акыл-таймаш оюнунун жыйынтыктоочу туру болуп өттү.

“БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ-ТАЙМАШЫ

Таймашты аталган мектептин география сабагынын мугалими Асель Нуралиева уюштуруп, оюн бир жыл бою үч этап менен өткөрүлдү. Таймашка 8-9-10-11-класстардан командалар катышышты. Ар бир оюнда бардык предметтер боюнча суроолор  камтылган. Бул таймаштын башкалардан айырмасы ар бир тапшырма проектор аркылуу чагылдырылгандыгында болду.

Финалдык туру апрель өтүп, анда командалар эки бөлүктөн турган суроолорго жооп беришти. 1-бөлүктөгү “Сырдуу сандык” оюнунда командалар логикалык суроолорго, география  предмети боюнча суроолорго, улуу жазуучу Ч.Айтматов  жана анын чыгармалары тууралуу суроолорго жооп беришсе, 2-бөлүктө “И” тамгасы жана “К” тамгасы (эки команда бирден тамганы тандашат), “Дүйнө бойлоп”  (тест), баш катырма тапшырмаларында мелдешишти.

Жыйынтыгында 8 “а” классынын командасы жеңүүчүсү деп табылып, уюштуруучу тарабынан символикалык белектер,  дипломдор  тапшырылды.

“Балдардын акыл-эсин өнүктүрүп, изденүүгө, тапкычтыкка үйрөткөн мындай оюндар окуучулар үчүн өтө пайдалуу.  Анткени окуучулар жыл ичи оюнга даярданып, логикалык жактан да билимдерин өнүктүрүштү. Билимдүү балдардын өсүп чыгуусуна салым кошуп келе жаткан география предметинин мугалимине да ыраазычылык билдиребиз”, —  деди мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Бермет  Өзүбекова.

Кошумчалай кетсек, мектептин алдыңкы окуучулары Дияз уулу Бекмурат  жана Машрапов Эрлан оюнду кызыктуу алып барууда өзгөчө салым кошушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер