БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ӨНӨКТӨШҮҮ ТУУРАСЫНДАГЫ ТАРЫХЫЙ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЙДУ

  • 02.03.2020
  • 0

25-февралда Борбордук Азия Университети (БАУ) жана Кембридж университети бир катар тармактарда академиялык өнөктөштүктү жана кызматташууну илгерилетүү, анын алкагында, биргелешкен изилдөөлөр, кызматкерлер жана студенттер, ошондой эле академиялык, илимий окутуу материалдары менен алмашуусу каралган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Меморандумга кол коюу аземи Кембридж университетинин The Old Schools имаратында Принцесса Зара Ага Хан, БАУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү жана БАУнун ректору жана декандары, жана ошондой эле Кембридждин жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ӨНӨКТӨШҮҮ ТУУРАСЫНДАГЫ ТАРЫХЫЙ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЙДУ

Кызматташуу туурасында келишимге кол коюу аземи (солдон оңго): Нагуиб Кхерадж мырза (БАУ камкорчусу), Принцесса Зара Ага Хан (БАУ камкорчусу), проф. Стивен Туп (Кембридж университетинин вице-канцлери), д-р Шамш Кассим-Лакха (БАУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы), проф. д-р Сохаил Накви (БАУ ректору).

«Мен Кембридж университети менен Борбордук Азия Университетинин ортосундагы өнөктөшүү туурасындагы макулдашууга кол коюуга кубанычта болдум, – деп Кембридж университетинин вице-канцлери профессор Стивен Д. Туп билдирди. – Берилген келишим менен биз өз ара тыгыз кызматташуу жана да коомго салым кошууга багытталган миссияларыбызды ишке ашыруу менен байланышкан ниеттерибизди расмий түрдө бекиттик. Бул сыяктуу өнөктөштүктөр чоң мааниге ээ болуп, бул максатта Кембридж бүткүл дүйнөнүн алдыңкы уюмдары менен өнөктөштүк түзүүгө умтулуп келет. Биз Борбордук Азия Университети жана жалпысынан Ага Хан өнүктүрүү уюму менен үзүрлүү кызматташабыз деген үмүттөбүз».

Өз ара түшүнүшүү туурасында меморандум Кембридж университетинин жогорку академиялык стандарттарга кылымдык берилгендигине жана Борбордук Азия Университети менен учурдагы кызматташуусуна таянат. Эки уюм ортосундагы өнөктөшүү окумуштууларга, изилдөөчүлөргө өз пайдасын тийгизип, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун курамына кирген агенттиктер аркылуу Борбор Азия жана бүткүл дүйнө үчүн маанилүү келген тармактардагы биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп тараптар үмүт кылат.

Профессор Туптун каалоолоруна ыраазычылык билдирип БАУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана АКДНдин Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлү д-р Шамш Кассим-Лакха кийинкини билдирди: «Биз бүгүн кол коюп жаткан келишим, эки университеттин өкүлдөрүнүн буга чейинки үзүрлүү кызматташуусунан келип чыккандыгын белгилеп кетүү маанилүү. Буга чейинки баскычта негизги көңүл биздин Борбор Азиядагы окутуучуларыбыздын даярдыгына бурулуп келген, бул иш-чара Кембридж университетинин Стипендия фондунун жана сиздердин Билим берүү факультетиңиздердин берешен колдоосунда ишке ашып келген эле».

 

«БАУнун канцлери болгон Улуу даражалуу Ага Хан, көп учурда жогорку окуу жайдын ийгиликтүү экенини тастыктаган эки көрсөткүч бар экенин эске салчу, анын бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жолу жана жогорку окуу жайында өткөрүлүп коомдун пайдасы үчүн колдонулган изилдөөлөрдүн сапаты», — деп д-р Кассим-Лакха белгиледи.

 

Борбордук Азия Университети 2000-жылы негизделген. Бул жеке коммерциялык эмес, диний эмес университеттин эл аралык келишимине жана уставына Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана Казакстандын Президенттери жана Улуу Даражалуу Ага Хан тарабынан кол коюлуп, үч республиканын парламенттери менен бекитилип, Бириккен улуттар уюмунда катталган. БАУ – тоолуу аймактардын өнүгүүсүнө басым жасаган өзгөчө жогорку окуу жай. Гуманитардык жана так илимдер мектебинин кампустары белгилүү архитектор Арата Исозаки тарабынан долбоорлонуп, Нарында (Кыргызстан) жана Хорогдо (Тажикстан) жайгашкан. Текелидеги (Казакстан) кампусу учурда пландоо баскычында турат. БАУнун Жогорку өнүктүрүү мектебинин курамына үч изилдөө институту кирет, ал эми анын Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби 2006-жылдан тартып 150 000 адамды окутуп чыкты.

Бөлүшүү

Комментарийлер