БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ: ФИНАНСЫЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

  • 13.03.2020
  • 0

Сапаттуу билим алуу ийгиликтүү келечек үчүн өтө маанилүү жана ал бүткүл дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү суроо-талабы. Бирок жогорку сапаттагы билим алуу көбүрөөк каржы ресурстарын талап кылат, ушул себептен улам көптөгөн студенттерге жакшы университеттер жеткиликтүү эмес. Борбордук Азия университети (БАУ) сапаттуу билим алууну жеткиликтүү кылууга шартталган.

БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ: ФИНАНСЫЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

2020-жылдын 15-марты Борбордук Азия университетинин (БАУ) төрт бакалавр программасынын ар бирине: Компьютердик илимдер, Коммуникация жана массалык-медиа каражаттары (Нарын кампусунда); Экономика, Жер жана табигый илимдер (Хорог кампусунда) тапшыруу үчүн акыркы күн.

БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ: ФИНАНСЫЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

«Кут Билим» газетасы Борбордук Азия университетинде (БАУ) билим алуу шарттары жана төлөм каражаттары тууралуу маалымат алуу үчүн университеттин администрациясы менен баарлашууну чечти.

– Борбордук Азия университети эмне сунуштайт жана билим алуу наркы өз ичине эмнени камтыйт?

– Борбордук Азия университетинин кампустары Нарында (Кыргызстанда) жана Хорогдо (Тажикстанда) жайгашкан. БАУ жеткиликтүү, жогорку сапаттагы жана компетенттүү билим берүүгө бекем ишенет. Университеттин заманбап кампустары, жагымдуу жатаканалары, тамак-ашы, ноутбук, ден соолукту камсыздандыруу, фитнес, спорт жана эс алуу, китептер жана он-лайн дүйнөлүк китепканалардын ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүктөрү менен китепканалар жана башкалар билим алуу үчүн төлөм наркынын ичине камтылган.

БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ: ФИНАНСЫЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

– БАУда билим алуу үчүн финансылык жардам кимдерге сунушталат?

Борбордук Азия университетине тапшырып, окуу жайдын сынагынан ийгиликтүү өтөөрү менен, финансылык жардамга кепилдик берилет жана студенттин каржылык чектелүүлөрү сапаттуу билим алуу үчүн тоскоолдук болбойт. БАУнун финасылык жардам берүү программасы кабыл алуу сынагында жетишкендиктердин негизинде гана камсыз кылынат. Окуу үчүн төлөөгө мүмкүнчүлүктөр тандоо процессинин жүрүшүндө эсепке алынбайт. Эгерде абитуренттин үй-бүлөсү билим алуу үчүн толук каражатты төлөй албаса, анда сынакты ийгиликтүү тапшырган окуучу финансылык жардам алууга документтерин тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Окууда жакшы көрсөткүчтөргө ээ, GPA (орточо) баллы үчтөн жогору болгон биринчи курстун студенттерине жеке донорлор тарабынан берилген стипендияларды алууга болот.

БАУ толук жана толук эмес финансылык жардам көрсөтөт. Толук каржылоо БАУнун баардык төлөмдөрүн камтыйт, ал эми толук эмес көмөктөшүү гранттардан жана үстөк пайызы жок студенттик карыздан (кредит) турат. Толук эмес финансылык каржылоону алуу үчүн, сынак тесттерин ийгиликтүү тапшырган студенттер гана, атайын кайрылуу өтүнүч формасын толтуруусу зарыл. Баардык тапшырылган маалыматтар жашыруун жана Финансылык көмөктөшүү комитети тарабынан гана колдонулат.

БАУда билим алуу үчүн төлөмдөр жылына 5000 АКШ долларына барабар, ал эми жатакана бөлмөсү, күнүмдүк тамак-ашы жана тейлөө жылына 3000 АКШ долларын түзөт. Бул төлөм акысы башка Борборук Азиядагы, ошондой эле Кытайдагы, Түркия жана Россиядагы университеттердин көпчүлүгүнө караганда дээрлик аз жана башка, үйүндө жашап окуган студенттердин чыгымдары мындан да көп болушу мүмкүн. Студенттердин БАУга салымы – бир академиялык жылда билим алуу үчүн төлөмү, жатаканасы, тамак-ашы сыяктуу баардык чыгымдары мүмкүн болгон финансылык жардам жана донорлордон келген стипендиялар менен субсидияланат.

БАУ толук гранттарды береби? Кандай критериялар бар?

 

БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ: ФИНАНСЫЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

Толук гранттар Кыргызстандан тапшырган жогорку академиялык жетишкендиктерге ээ талапкерлерге төмөндөгү критерийлердин негизинде берилет:

  • БАУнун сынак тестинин жыйынтыгында жогорку бааларга ээ болгон студенттерге толук гранттар берилет. Сынак тести англис тилин, математика жана логиканы камтыйт дагы, англис тилинде өткөрүлөт. Ал 2020 жылдын 5-апрелинде Бишкек, Нарын, Каракол жана Ош шаарларындагы тесттик борборлордо өткөрүлөт.
  • Улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгында “Алтын сертификатка” ээ болгон студенттер БАУда толук каржылоону БАУнун сынак тестин ийгиликтүү тапшырган учурда гана ала алат;
  • Толук каржылоону республикалык деңгээлдеги математика жана англис тили боюнча предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, БАУнун сынак тестин ийгиликтүү тапшырганда, жеңилдик алганга мүмкүнчүлүгү бар.
  • БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ: ФИНАНСЫЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

– БАУга билим алууга кабыл алынгандан кийин башка кошумча каржылоо мүмкүнчүлүктөрү барбы?

– БАУ финансылык жардамын студенттердин академиялык жетишкендиктерин колдоо үчүн камсыз кылат. БАУга тапшырып жатканда берилген финансылык жардамдан сырткары, университет студенттеринин арасында да академиялык жетишкендиктерге түрткү берет. Ар бир окуу жылдын аягында, жогорку бааларга ээ болгон студенттердин окуу үчүн алган насыялары кийинки жылга кыскартылат, ал себептен алардын финансылык милдеттенмелери азаят.

Борбордук Азия университетинде билим алуу жакшы деңгээлде субсидияланган – баардык студенттердин кыла турган иши, болгону гана тапшыруу үчүн өтүнүч формасын толтуруу жана БАУнун сынак тестинен ийгиликтүү өтүү. Финансылык чектөөлөр сапаттуу билим алууга тоскоолдук эмес!

БАУ билим алууда жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн, класс ичинде жана сырткары окууга ынтызаар окуучуларды издейт. БАУга саякатыңды башта, бүгүндөн калбай тапшыр https://ucentralasia.org/Admissions/HowToApply/EN

Өз кабарчы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер