БМУДА EXPO-2022 КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ

  • 15.09.2022
  • 0

Бүгүн Бишкек мамлекеттик университетинде Ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында EXPO-2022 эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтөт. Ага 60 өлкөнүн ректору,  белгилүү окумуштуулар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, эл аралык билим берүү уюмдары катышат.

Көргөзмөнүн максаты — инновациялык экосистемалардын жогорку окуу жайларындагы ролун көрсөтүү, студенттердин жана мугалимдердин колунан жаралган инновациялык ойлоп табууларды бир жерге чогултуу.

Программа «Кыргызстандагы билим берүү жана карьера» деп аталган видеороликтин интерактивдүү демонстрациясы менен башталат. Ошондой эле өлкөнүн алдыңкы 30 окуу жайынын экспозициясы тартууланат. Аягында дүйөнүн ири жогорку окуу жайлары менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.

Көргөзмөгө 60тан ашуун өлкөнүн алдыңкы университеттеринин 100дөй ректору катышат. Анын ичинде: Россия, АКШ, Улуу Британия, Германия, Индия, Түштүк Корея, Иран, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Аравия, Түркия, Пакистан, Австрия, Австралия, Италия, Венгрия, Болгария, Польша, Словакия, Малайзия, Непал, Кения, Бангладеш, Өзбекстан, Казакстан, Армения, Азербайжан, Грузия бар.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер