БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ!

  • 03.12.2018
  • 0

28-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата  “Биз СПИДке каршыбыз!” деген аталышта талкуу болуп өттү.

Иш чара Музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана психология кафедрасынын доценти Б.Абдулахамидова тарабынан, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда  уюштурулду. Талкууда алгач студенттер тайпа-тайпа менен иш алып барышып, “Биз СПИДке каршыбыз!” деген чакырыктын негизинде  ВИЧ СПИД боюнча кызыктуу баяндамаларды жасап өтүштү. Андан соң видео-роликтин коштоосунда катышуучуларга аталган дарттын келип чыгуусу, түрлөрү, белгилери тууралуу кеңири маалыматтар жана түшүндүрмөлөр берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер