БИЗ БИРГЕБИЗ ЖАНА БААРЫН ЖЕҢЕБИЗ!

  • 20.09.2022
  • 0

Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдарга коңшу тажик аскерлеринин согуштук агрессиялык чабуулдарынын кесепетинен 10 мектеп жана жети бала бакчанын имараттары талкаланган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖМК өкүлдөрү менен болгон брифингде билдирди. 

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөн жолугушууда Н.Жусупбекова алгач Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы билим берүү мекемелеринин, окуучуларынын жана мугалимдеринин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу маалымат берди.

— Баткен облусу боюнча 188 бала бакча, 238 мектеп, 11 кесиптик лицей, беш колледж жана беш жогорку окуу жайы бар. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда бардык типтеги жана формадагы 23 бала бакча, 17 мектеп жана бир кесиптик лицей бар. Баткен облусундагы 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулду. Алардын арасында облустун 53 билим берүү мекемесинин базасында уюштурулган эвакуация пункттары бар. Тагыраак айтканда, Баткен шаарында жана Баткен облусундагы айылдардагы мектептерде окуу процесси азырынча жандана элек. Ал эми Лейлек районундагы 45 мектепте жана 23 бала бакчада окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат. Калган 21 мектепте жана 40 бала бакчада окуу баштала элек, — деди.

Надира Сынташевна өз сөзүндө билим берүү кызматкерлери башка кызматтагылар менен биргеликте эвакуацияланган калкты билим берүү уюмдарынын базасындагы турак-жайларга жайгаштырууга жана тамак-аш менен камсыздоого активдүү көмөктөшкөнүн белгиледи.

— Чек ара аймактарынан эвакуацияланган он миңдеген мекендештер бала бакчалардын, мектептердин имараттарына, мектептердеги спорт залдарына жана ошондой эле жогорку окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштырылды.  Мына ушундай оор кырдаалда Баткен элине жардам берүүдө билим берүү тармагынын кызматкерлери да четте турбай, 22 млн 640 миң сом акча каражатын жана гуманитардык жардам чогултту.

Өлкө үчүн оор учурда кайраттуулугун, сабырдуулугун жана биримдигин көрсөткөндүгү үчүн жалпы мугалимдерге, студенттерге, окуучуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө Билим берүү жана илим министрлигинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Биз биргебиз жана баарын жеңебиз! – деди Н.Жусупбекова.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер