“БИЗ БИЛГЕН, БИЗ БИЛБЕГЕН АЙТМАТОВ”

  • 05.12.2018
  • 0

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жыл ичинде ѳткѳрүлгѳн “Биз билген, биз билбеген Айтматов” аттуу иш-чаранын жыйынтыктоочу аземи 7-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ѳтѳт.

Иш-чарада алгач сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүп, анда аталган иш-чаранын алкагында көркөм өнөр факультети тарабынан өткөрүлгөн конкурстун катышуучуларынын сүрөттөрү коюлат. Андан соң көркөм окуулар жана обондуу ырлар аткарылып, Кыргыз маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, музыка таануучу Тимур Саламатов өзүнүн “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын кыргыз музыкасына тийгизген таасири” аттуу баяндамасын окуйт. Жыйындын акырында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө иштеринин алкагында гуманитардык, коммуникация жана көркөм өнөр факультеттери тарабынан акыркы үч айдан бери өткөрүлүп жаткан “Биз билген, биз билбеген Айтматов” деген аталыштагы конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Сынакка 100гө жакын студент катышкан.

Окуу жайда буга чейин бул иш-чаранын алкагында ар кандай форматтагы жыйындар, зыяраттар ишке ашырылган. Анда Чыңгыз Айтматовду жакындан тааныган кыргыз элинин белгилүү акын-жазуучулары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери жазуучу тууралуу мурун булактарда жазылбаган маалыматтар менен бөлүшүп, анын турмушунда орун алган айрым кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беришкен. Ушул жылдын 10-июнунда Чыңгыз Айтматов жана анын атасы Төрөкул Айтматовдун көрүстөнү жайгашкан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине зыярат да уюштурулган.  Студенттер жазуучунун үй-музейине да барышып, анын жашаган үйүн, күнүмдүк турмушунда колдонгон буюмдарын, чыгармачылык менен алектенген кабинетин, жазуучунун өмүрүндөгү урунттуу учурларын чагылдырган сүрөттөрдү, алган сыйлыктарын ж.б. өз көздөрү менен көрүп келишкен.

Бөлүшүү

Комментарийлер