Бишкекте “Мурас” турак жай комплексинде мектеп окуучулары үчүн убактылуу класстар ачылды
- 20.10.2025
- 0
Бишкекте “Мурас” турак жай комплексинде мектеп окуучулары үчүн убактылуу класстар ачылды.

Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган “Мурас” турак жай комплексинин биринчи кабаттарында №40 мектептин окуучулары үчүн убактылуу класстар ишке кирди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.
Маалыматка караганда, жаңы класстар 5-9-класстардын окуучулары үчүн атайын шарттар менен жабдылган. Аталган филиалдын ачылышы менен шаардын башка мектептеринде орун жетишпестигинен улам окуучуларга туруктуу билим алуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууда.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү билдиргендей, “Мурас” комплексиндеги убактылуу класстар заманбап шаймандар жана отургуч-столдор менен камсыздалган. Анда окуучулар компьютердик техника, мультимедиа жабдуулары менен окуу процессин уланта алышат.
“Бул мектептин филиалы катары окуучуларга ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүлдү. Мурунку мектеп имаратындагы класстарга орун жетишпегендиктен, окуучуларды убакытты туура пайдалануу менен билим алууга шарт түзүү максатында МИКтин жардамы менен бул убактылуу класстар ачылды”, — деп белгиледи мэриянын маалымат кызматы.
(БК)
Комментарийлер