БИШКЕКТЕ КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН БЕШИНЧИ СЪЕЗДИ БАШТАЛДЫ

  • 11.10.2018
  • 0

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди ишин баштады. Съезддин темасы – “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү”.

БИШКЕКТЕ КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН БЕШИНЧИ СЪЕЗДИ БАШТАЛДЫ

Съезддин ачылышы Ала-Арчадагы Мамлекеттик резиденциядсында болду, андан соң секциялык отурумдары шаардын мектептери менен университеттеринде уланат .

КМШ мамлекеттеринин алдыңкы мугалимдери жана билим берүү кызматкерлери “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланат.

Съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтмөкчү.

Съезд КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө шарт түзүүгө, өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин жана анын жаңы түрлөрүн активдүү издөөгө  өбөлгө болору пландалууда.

«Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу — мамлекеттердин улуттук билим берүү системалары» аттуу пленардык отурумунда делегация жетекчилери өз билим берүү системаларындагы реформалар жөнүндө маалымат менен бөлүшүп, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүгүн карашат.

Съезддин алкагында төмөнкү маселелер боюнча тогуз секциянын иши уюштурулат: компетенттүүлүк билим берүүнүн методологиясын түзүү, билим берүү стандарттарын киргизүүнүн теориясы жана практикасы, коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу, мектептен тышкаркы билим берүү, эрте жаштан өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү, кесиптик билим берүүнүн бардык баскычтарын өнүктүрүү, Улуттук квалификациялык системаларын киргизүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер