БИШКЕКТЕ 1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

  • 23.01.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарынын мектептеринин башчылары менен жыйналыш өткөрдү.

БИШКЕКТЕ 1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

Жолугушууда мектеп директорлоруна «Мектепке электрондук каттоо» автоматтык маалыматтык системасы презентацияланды. Жыйналыштын катышуучулары бул системаны ишке ашыруу маселелерин, система аркылуу балдарды биринчи класска кабыл алуусунда мектептердин, райондук билим берүү борборлорунун башчыларынын ролун талкуулашты.

БИШКЕКТЕ 1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

Мындан тышкары, министр мектеп директорлорун кызыктырган суроолорго жооп берди.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору – бул Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкекте 2019-жылдын 15-февралынан тартып иштеп баштайт. Бул тууралуу кенен маалыматты гезитибиздин кийинки беттеринен окусаңыздар болот.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер