Бишкек шаарындагы окуучулар А. Умуралиев атындагы театрга барышат
- 21.10.2025
- 0
Өспүрүмдөрдүн эстетикалык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында борбор калаадагы 21 мектептин окуучулары атайын түзүлгөн графикке ылайык А. Умуралиев атындагы театрга барышат.

Маданий-аңгемелешүү багытындагы бул программа алкагында окуучулар театрлык спектаклдерди көрүп, кыргыз драматургиясынын классикалык жана заманбап чыгармалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле театрдын актерлору жана режиссёрлору тууралуу кеңири маалымат ала алышат.
Мындай иш-чаралар окуучулардын көркөм табитин калыптандырууга, театр өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырууга, маданий мураска жана коомдун руханий баалуулуктарына болгон урмат-сыйды тарбиялоого өбөлгө түзөт.

Мектептер менен театрдын тыгыз кызматташуусу окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган тарбиялык ишмердүүлүктүн маанилүү багыты болуп саналат.
Комментарийлер