БИР ДАСТАНДЫН ИЗИ МЕНЕН

  • 03.12.2018
  • 0

     Айылдык мугалим, чыгармачыл инсан, сүрөтчү мергенчи Итикеев Көбөгөн Черикбай уулунун Нарын дубанынын Ат-Башы районундагы Кызыл-Күч сегиз жылдык мектебинде иштеп турган кезинде, т. а. 1958-жылдын декабрь айында муундарга мураска калтырган “Машаа менен Кудаш баатыр баяны” дастанынын кол жазмасын 2014-жылдын эрте жазында жакшы көргөн кызы Шайыгүл эже көтөрүп келип калды. Мага дейре бир-эки жолу басмадан чыгаруу аракеттери болгон экен, бирок, буйругу жоктон бул тилек-максат жүзөгө ашпаптыр. Көзү эрте өтүп кеткен агайымдын көк-жашыл сыя карандаш менен өзү тизмектеген ыр саптарын жана сыртынан өз колу менен көктөгөн калың дептерин көргөндө, бир аз аптыга түштүм. Анткеним менен дароо макул болдум, башкаларга окшоп ар кайсы шылтоону айтып баш тарта албадым. Себеби, мен бул кишиден мектеп партасынан эле эмес, андан сырт жайкын жашоодон, чарбалык жумуштардан, анан да тоо-токойдо кошо жүрүп, көптөгөн турмуштук сабактарды үйрөнгөн элем.

БИР ДАСТАНДЫН ИЗИ МЕНЕН

Күндөрдүн биринде кол жазманы карап, тазалап, терип олтурсам, Талас дубанынын Арал айлынын тургуну, Кушчу уруусунун Сакалды уругунун кулуну, досум – Жунушалиев Асанбек Жаныбек уулу баш бакты. Ачык ооз жаным, шак эле: -Ээ-й, мындагы Машаа баатырдын түбү Таластык экен, сага тууган болбойбу?-деп, тамашалап ийдим. Анда Асакем айтып атпайбы: -Биздин айылдын чыгыш жагында тээ илгертен Машаанын мүрзөсү деген бар, балким ошо болуп жүрбөсүн?! Туугандык жайын териштирип көрөйүн, бирок мен билгенден мындай аттуу тууганыбыз жок.

Мына ушул сүйлөшүүдөн кийин менин көөнүмдө уйгу-туйгулук, жан дүйнөмдө тынымсыз тынчымды алган бушаймандык башталды. Бассам-турсам да оюмда бир бүтүм турду: “Эмнеси болсо да тактап көрүү керек? Эгерим чын-бышыгы чыкса, мүмкүн бул тагдырга жазган тарыхый табылгадыр?..”

Ошентип, Арал айылында Машаанын бейити бар деген маалымат улам убакыт узарган сайын көңүлдөн чыкпайт, көкүрөгүмдү мыжыйт. Мунун төркүнүн баамдап көрсөм – Сарык уулу Машаанын арбагын козгоп алганыма байланышкандай. Ата-бабанын жолу менен баатыр жаткан мазарга барып, алдынан өтүп коюу милдеткерлиги мен үчүн карызымды кайтаргандай абалга түрттү. Алдын ала сурамжылап, айрым тактоолорду кийирип жатып, аталган көрүстөн боюнча анча-мынча маалыматтарды тапкансыдым. Бирок, менин жеке изилдөөлөрүмдүн таасындыгы тарыхый булактарга, археологиялык казууларга таянбаса да, укумдан-тукумга өткөн улама сөздөрдөн, эзелтен келаткан элдик ооз эки чыгармалардын саптарында жолугат. Андыктан азыноолак айкын мисалдар менен бөлүшө кетүү ашыктык кылбас.

Аталган жайдын жайгашкан жери айылдын түндүк-чыгыш тарабында, Чанды тоосунун теке маңдайында. Андан жогору Терек тоолору менменсийт, арасында Курташ менен Шөкүлө чокулары көк тирейт. Алардан куюлган дөңсөөлүү керүү көрүстөндөн жүз метр ылдыйлаганда, тик ойдуңга түшүп, этеги айылга барып такалат. Жедеп эскилиги жеткен, болжол менен 16-17-кылымдарга таандык, 2-3 га аянтты ээлейт. Дөмпөйгөн үймө топурактардын алдында жалпы көрлөр казылганы байкалат, сөөктөр топ-тобу менен жаткандай. Көпчүлүгүндө эстелик-белгилер жок, кийинкилеринде гана бирин-серин коргондордун урандылары кездешет.

Бул мүрзөгө сөөк коюлбай калганына жарым кылымдан эбак ашкан. Ошондой болсо да, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, 2-топтогу майып, “Даңк” орденинин эки жолку ээси Шүгүралиев Абаскан аксакал бу жалганда 93 жашты жашап, көз жумаарында ушул бейитке жашырууга керээз калтырган экен. Жарыктык кишинин каалоосу бекеринен эместей, “Баатыр баатырды барктайт” дегенди далилдегенсип турат. Ал адамдын Машаа жөнүндө маалыматы болсо керек, болбосо пенде катары элдин, бийликтин чечимине каршы туруп, жөн жерден жай тандабайт эле. Ардактуу ардагердын сууган дени 2010-жылдын 23-октябрында жерге берилген.

Арал айылынын 50-60 жаштардагы тургундарынын арбындуусу Машаанын бейити тууралуу кабары бар. Бирок, ким экенин, бул жайга качан көмүлгөнүн так айта алышпайт. Болгону баатыр, эл коргогон эрлердин бири дегендей боолголошот. Жаштардын басымдуу бөлүгү билбеймден башканы айтпай, баш чайкашат. Ошондуктан агайымдын кийинки урпактарга калтырган жан азыгынын китеп түрүндөгүсүн айылдыктарга арнап, атайы ала келген нускаларын китепканага тапшыруу үчүн  жергиликтүү бийликтин имаратына баш бактык. Кудай жалгап, бизди күтүп жаткансып, Аксакалдар сотунун төрагасы Асранов Кудайберген, кадыр-барктуу карыя Илиязов Бексултан, Арал айылдык депутаттарынын спикери Асанов Нурланбек жана депутат Сыдыгалиев Бактыбек алдыбыздан тосо чыкты. Аларга келген максатыбызды кеңири түшүндүрүп, мүдөөбүздү жүзөгө ашырууга кириштик.

2017-жылдын 28-июнунда өлкө боюнча өткөрүлгөн сынакта “Мыкты айылдык китепкана” наамына татыган таза, ирээттүү, татына жасалгаланган чоң бөлмөнүн ээси Жаналиева Гүлнара бизди жаркын маанай менен кабылдап, иш билги жөндөмүн далилдей алды. Таберигибизди таштап, аксакалдарга, депутаттарга ыраазычылыгыбызды айтып, Сарык уулу Машаанын эрдиктери боюнча кеңири түшүнүктү жалпы жашоочулар бирден бир билим булагынан, дал ушул жердеги китепканадан окуп турсун деген ниегибиз ойдогудай орундалгандыгына сүйүндүк. Буюрса, мындан ары түпкүлүктүү элдин көңүлү Машаа баатырдын тегине, кылган ишине бурулат деген ой менен дагы бир маанилүү иш чарабызды – арбакка арнап кан чыгарып, куран окутуу менен уланттык. Багыштаган батабызга алакан жая,  каалоо-тилегибизди билдирип, сыртка чыкканыбызда берекелүү, күрдөөлдү күздүн мээримдүү күнү төгүлө берди, кудайдын кудуретине шүгүр, жонум оор жүктөн арылгандай тер кетти, көөдөнүм бошоп, кадимкидей жеңилдей түштүм. Анан оңойбу, алдынан өтөм дегениме төрт жылдын жүзү болуп кетиптир.

Мындай маанилүү ырасмини аткарууда мени коштоп жана колдоп жүргөн Таластын намыскөй, мыкты азаматтары: Жунушалиев Асанбек Жаныбек уулу менен Жоомартов Болоткан Эсенжан уулунун эмгеги зор экенин белгилей кетейин. Бар болгула, жигиттер!

Ишенбек Осмонов,

“Теңир-Тоо ынтымагы” коомунун

 жооптуу катчысы, китептин түзүүчүсү.

Бөлүшүү

Комментарийлер