БИЛИМДҮҮ МУГАЛИМ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ КООМ

  • 25.01.2023
  • 0

Ордолуу Ош шаарындагы өзүнүн орду бар «Сынак” билим берүү борборунун директору Нурлан Кармышаков жана Лидер Азия окуу борборунун директору Нургүл Тайыр кызынын демилгеси менен Ош шаарында мугалимдердин эки күндүк форуму өткөрүлдү.

БИЛИМДҮҮ МУГАЛИМ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ КООМ

Билим берүүгө багытталган бул аянтчага Кыргызстандын 7 дубанынан 90го жакын мугалимдер катышып өз билим куржунун толтуруп. мол тажрыйбага ээ болуп. ыраазы болуп кетишти. Эки күндүк форумга конок катары чакырылган “Санарип” коомдук академиясынын директору Асылбек Мадалиев. Малайзиядагы NAMA фондунун ROOTS жана Perent school программасынын тренери Алтынай Тиллабаева, Билим кербени долбоорунун тренери Бийик Рыскулов. “Лидер Азия” окуу борборунун директору Нургүл Тайыр кызы өз билимдерин ортого салышып түрдүү теориялык жана практикалык билимдери менен бөлүштү.

Учурдун талабы болгон заманбап билим берүү ыкмалары. окуучуларды сабакка кызыктыруу жолдору. Санарип мугалим болуу жана дүйнө кыдыруу. ата энелер менен иштөө. бала тарбиялоодогу ата эненин ролу ошондой эле креативдүү оюндар. усулдар форумга келген мугалимдердин кызыгууларын арттырып ушундай жолугушуулар тез-тез болуп турса деп суранышты.

Билимдүү мугалимдер гана билимдүү коомду түзө алышат. Андыктан ар бир мугалим изденип күн сайын окуп өсүп турбаса, мугалимдиктен калат.

Мугалим окуп турганда гана чыныгы мугалим боло алат деп айтылгандай Форум ар бир мугалимди ойготту. иштөөгө жол ачты. билим жолуна чырак болду десек жаңылышпайбыз.

Мамлекет бизге эмне кылып берди деп отурбастан. Мамлекетке билим берүү жаатында опол тоодой эмгек кылып келе жаткан Нурлан мырзага ыраазычылыгыбыз чексиз. Ошондой эле 2 күндүк форумга өз билимин болушуп. билим берүү тармагына кайдыгер карабай келип форумдун катышуучуларынын жүрөгүнөн орун алган ар бир тренерибизге ыракмат айтабыз.

Форум түрдүү оюндар мелдештер сынактар менен коштолуп. жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды. Жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар берилип. катышуучулар тарабынан форумга ыраазычылыктар айтылып. жылуу пикирлер жазылды.

Биз дагы ар бир катышуучуга чексиз ыраазыбыз. Анткени билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Сиздер эркин жана бийиксиздер урматтуу форумга келген кесиптештер. билим дыйкандары.

Сиздер сепкен үрөн эч качан өлбөйт деп ишенебиз. бар болуңуздар!

Өз кабарчы

Бөлүшүү

Комментарийлер