БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БЕКЕМДӨӨ

  • 06.06.2022
  • 0

2022-жылдын 3-июнунда Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун жыйынтыгын талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

 

Иш-чарага Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү,  Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана ага караштуу структуралардын кызматкерлери, облустук билим берүү усулдук борборлорунун, 30 инновациялык жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору, долбоордун консультанттары катышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БЕКЕМДӨӨ

Азия өнүктүрүү банкы “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” программасын ишке ашырууга 22 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу 2015-жылдын аягында башталып, 2022-жылдын июнь айында аяктайт.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БЕКЕМДӨӨ

“Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо” долбоорунун алкагында төмөндөгүлөр ишке ашырылды:

—  Предметтик билим берүү стандарттарын жаңылоо аркылуу мектептик билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу;

— Мугалимдердин ишинин сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү;

— Инновациялык мектептердин базасында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

— Секторду башкарууну жакшыртуу.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө көп жылдык кызматташуусу жана долбоордун ийгиликтүү аякташы менен «Кызматташтык салымы үчүн» медалын тапшырды.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БЕКЕМДӨӨ

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы 1990-жылдардын ортосунан тартып билим берүү тармагын өнүктүрүүнү колдогон Кыргыз Республикасынын өнөктөшү болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер