БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮН 16 ЖЫЛ БАШКАРГАН А.ГАСАНОВ ЭС АЛУУГА ЧЫКТЫ

  • 03.10.2018
  • 0

Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алакшүкүр Гасановду педагогдор жамааты салтанаттуу түрдө эс алууга узатышты. Ал жашы жеткенине байланыштуу кызматынан бошотулган. А.Гасанов билим берүү бөлүмүн 16 жыл башкарган.

Ага үзүрлүү эмгеги үчүн урмат-сый көрсөткөн жамааты ат мингизип, чапан жаап, ак калпак кийгизишти.  Ошондой эле А.Гасановдун эмгек жолу тууралуу слайд-шоу да даярдашкан.

А.Гасанов 1951-жылы Казакстандын Жамбыл облусунда төрөлүп, ошол жактагы жаңы жол айылында орто мектепте билим алган. 1969-жылдан тарта ошол кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде жогорку билим алып баштаган. 1975-жылы Кара-Балтанын Сосновка айылындагы мектепте тарых мугалими болуп эмгек жолун баштаса, 1980-жылы ошол эле мектептин директору болгон.

Ал эми 1982-жылы Ново-Николаевка айылындагы кесиптик окуу жайды жетектеп, 1986-1990-жылдары кайрадан Сосновка орто мектебинин директору болгон. Мугалим, мектептердин директору кызматтарын аркалап жүрүп 1990-91-жылдары мурунку Калинин (азыркы Жайыл району) районунун билим берүү бөлүмүн жетектеген. 1991-жылы Сосновка айылдык кеңешинин төрагасы, 1996-2001-жылдары Сосновка айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенди.

Ал эми 2001-2002-жылдары Жайыл райондук мамлекеттик райондук администрациянын аппаратын жетектесе, 2002-жылдын ноябрь айынан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер