БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

  • 16.01.2019
  • 0

Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин кампусунда Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан  келген 120дан ашык мугалим окуп, билимин заманга төп келген деңгээлде өркүндөтүп кайтышты.

 БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

Жаңы кылымдын чакырыктарына даярдык

Чокулары көк мелжиген касиеттүү Теңир-Тоонун  койнунан орун алган эл аралык маанидеги университеттин заңгыраган заманбап окуу корпустары кышкы каникул убагында да кадыресе күндөлүк режимде иштеп жатты. Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келген англис тил, математика жана физика мугалимдери БАУнун билим берүү борборунда эки жума бою кесиптик өнөрдү өркүндөтүүнүн таалимин алышты, заманбап билим берүү технологияларынын алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүштү.

БАУнун Билим берүүнү өнүктүрүү программасы мугалимдердин кесиптик өнөрүн өркүндөткөн семинарда негизинен үч мамлекеттин билим берүү стандарттары жана окуу программалары менен байланышкан компетенттүүлүккө багытталган окуу жана окутууга басым жасады.

Программанын жетекчиси Бернадет Дин бизди куунак маанайда тосуп алып,  семинар-тренинг өтүп жаткан аудиторияларга алып киргенге ашыкты. Заңгыраган үч чоң аудиторияда предметтер боюнча бөлүнүп алып, өздөрүнүн кесиптик сырын чечкен түйүндүү маселелерди кызуу талкуулап жаткан мугалимдер менен учурашып, пикир алыштык. Айрым мугалимдер менен өзүнчө отуруп дагы баарлашканга мүмкүнчүлүк болду.

“Биздин кесиптик программалар мугалимдерди XXI кылымдын чакырыктарына даяр болууга окутат. Дүйнө тездик менен өзгөрүп атат, биз андан калбашыбыз керек”,-дейт Бернадет Дин.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

XXI кылымдын компетенциялары

Билим берүүнү өнүктүрүү программасынын координатору Жамал Папиева өз кезегинде тренинг убагында биринчи кезекте көңүл сынчыл ойлом, кызматташтык, креативдүүлүк өңдүү XXI кылымдын компетенцияларына жана ар кандай жаңы окуу технологияларына бурулуп жатканын билдирди.

Чынында кыргыз мугалимдеринин казак же тажик туугандарга барып, алардын иш-тажрыйбасын барып үйрөнгөнгө чолоосу жок экени, убакыт тапса да каражаты жок экени белгилүү. Ошондуктан Нарындагы тренинг коңшу өлкөлөрдүн мугалимдеринин оюндагы кыялын ишке ашырып, аларга өз ара кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түзгөн өзүнчө бир заманбап аянтча болуп берди.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

Казак мектептеринин өрнөгү

Казакстандык же тажикстандык мектептерде жогорку класстарда айрым сабактарды таза англис тилинде окутуу ишке ашып жатканы кыргызстандык мугалимдерди кайсы бир деңгээлде намыстандырган жаңылык болуп калгандай.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

“Казак кесиптештерден көп нерсени үйрөнсөк болчудай. Анткени аларда эки тилдүү, үч тилдүү окутуу программалары иштеп жатат. Аларда физика, химия жана биология сабактары англис тилинде окутулат экен. Биздин Билим берүү министрлиги ушул жагына көңүл бурса. Мисалы, алар мугалимдерди англис тилине окутушкан. Англис тил мугалимдерди клубдарды, топторду түзүп, табигый илимдер сабактардын мугалимдерин окутушкан. Биздин министрлик да мектептерде ушундай топторду уюштурса жакшы болот деп ойлойм. Предметник мугалимдер англисче сүйлөгөндү үйрөнүп чыгышмак. Жыйынтыгында балдар бара-бара англис тилинде көбүрөөк сабак окушмак.  Биз кечээ ушундай сунуштарды айттык, жуманын бир күнүндө мугалимдер да, окуучулар да англис тилинде сүйлөшсүн деп”,-дейт Кара-Балта шаарындагы мектептен келген мугалим Замира Урмакеева.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

Казакстандын Алматы областынын Алмалы-Бак айылындагы Ал-Фараби атындагы атайын гимназиянын мугалими Жанар Толеп өз кезегинде казак мектептеринде жаңы система менен окутуу башталганын айтып берди:

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

“Азыр бизде жаңыланган система менен окутуп жатабыз. Бизде 7-класстан тартып биология, химия, физика, информатика сабактарын англис тилинде окутабыз. Мен азыр англис тилинде факультативдик деңгээлде окутам, англис тилин окуп жатам,-деди Жанар. — Бул семинарда дагы жаңыланган системанын элементтерин окудук. Мен кыргызстандык, тажикстандык мугалимдер менен тааныштым, алардын сабак өтүү ыкмалары, окутуу программалары менен тааныштым. Окуучулар алган билимин күнүмдүк турмушта пайдалана билиши керек. Биздин тренер турмуштук көндүмдөргө окуучулар өздөрү үйрөнүшү керек, мугалим аларды багыттап турушу керек деп жатат. Сабакта окуучулар өздөрү көп иштеши керек. Мугалим сабакка чейин жакшы даярданышы керек. Балдар командалык тартипте, индивидуалдык деңгээлде иштегенди үйрөнөт”.

Тажикстан: кош тилдүү билим берүү

Тажик туугандардын дагы жетишкендигин айтып коюш керек. Алардын президенттик лицейлеринде табигый багыттагы сабактарды эки тилде — тажик жана англис тилдеринде окутуу ишке ашып жаткан процесс болуп саналат.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

“Биз президенттик мектепке жетинчи класстан баштап кабыл алабыз. Алар бир жыл англис тилин тереңдеп бышыктап окушат.  Сегизинчи класстан баштап он биринчи классты бүткөнгө чейин химия, биология, физика жана компьютердик илимди баарын англис тилинде окутуп баштайбыз. Бирок тарых, адабият сабактарын тажик тилинде эле окутабыз”,-дейт Тажикстандагы Худжанд шаарынан келген мугалим Алижон Туражонов.

Устаттардын өздөрүн ким өнүктүрөт?

БАУнун билим берүү борбору биздин билим берүү тармагындагы бир чоң өксүктү жоюуга жардам берип жатканын айта кетүү керек. Өлкөдө мугалимдерди даярдаган жогорку окуу жайлар жана мугалимдердин билимин өркүндөткөн республикалык, областтык деңгээлдеги институттар, борборлор бар. Бирок андагы мугалимдердин өздөрү да билимдерин өркүндөтүүгө муктаж, бирок чоң системанын ичинде бул маселе чечилген эмес. Ошондуктан Нарындагы семинар педагогикалык окуу жайлардын мугалимдеринин тилегин орундаткан долбоор болуп калды.  Бул жолку иш чарага Арабаев атындагы КМУдан, ОшМУдан жана Нарын мамлекеттик университетинен мугалимдер катышты.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

Жылдыз Артыкова, ОШМУнун окутуучусу:

“Мен ОШМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору болуп иштеп жүрүп, кызматымды жакында эле тапшырып, башка ишке өттүм. Азыр деле ошол институтта тренер болуп иштеп жатам. Азыркы учурда мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдерин Билимди өркүндөтүү институттарынын мугалимдери аткарып жатышат. Ошол эле убакта ушул институттун мугалимдеринини өздөрүнүн билимин өркүндөтүүнү эч ким карабайт. Дүйнөлүк саясат каякка кетип жатат, мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүүдө кандай программалар менен иштешибиз керек, иш берүүчүлөрдүн талабы кандай болуп жатат, мына ушунун баарын камтыган бирдиктүү бир система жок бизде. Мисалы, ОшМУ өзүнчө, Кыргыз билим берүү академиясы өзүнчө иштеп жатат. Мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү республикалык институт ачылды, мен ойлогом, ушул институт бардык ишти координациялайт деп. Бирок эки жылдан ашык убакыт бою мен алар менен эч кандай кызматташтыкка бара албадым.

Ушул семинарда Кыргызстандан, Тажикстандан, Канададан, Америка Кошмо Штаттарынан мугалимдердин билимин өркүндөтүү багытында иштеген тренерлер дүйнөлүк тенденцияларды, чакырыктарды көргөзүп жатышат. Негизги проблемалар кандай чечилип атканын, тенденциялар каякка кетип жатканын айтып беришти. Мен үчүн пайдалуу жагы ушул болуп жатат. Мен өзүмдүн тренерлик ишимде өзүнчө бир жаңы багыттарды кошо турган болуп жатам”.

БИЙИК ЖЕРДЕГИ БИЙИК МАКСАТТАР

Билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан тандап алган жыйырма мектеп менен өзүнчө иш жүрүп жатканын айта кетели. Бул программа боюнча негизги көңүл табигый илимдерге, информатика, математика жана англис тилине бөлүнгөн. Ошондой эле окуучулардын сынчыл жана чыгармачыл ойлорун өнүктүрүүгө, алардын коммуникативдик жана командалык тартипте иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга басым жасалууда. Бир эле учурда мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча да долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Алдыңкы тажрыйбалар менен инновацияларды жайылтуу ар бир областта уюшулган ресурстук мектептер аркылуу жүргүзүлөт. Ушундай иш-аракеттердин жыйынтыгында БАУнун билим берүүнү өнүктүрүү программасы Борбордук Азияда билим берүүнүн сапатына жакшыртууга жана тоолуу региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзүнүн орчундуу салымын кошууда.

 

К. Чекиров, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер