БЕЛАРУС ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ОКУУГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ
- 22.05.2018
- 0
2006-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Беларус Республикасынын Өкмөтүнун ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы түзүлгөн Кызматташтыктын негизинде КР Билим берүү жана илим министрилиги Беларус Республикасынын Жогорку окуу жайларында 2018-2019-окуу жылына Кыргызстандын жарандарына сынак жарыялайт.
Бакалавриат:
- Полес мамлекеттик университети, Биология (биотехнология) – адистиги
(биотехнология) – 1 орун
Магистратура:
- А.А.Кулешов атындагы Могилев мамлекеттик университетине, Дене-тарбия теориясы жана методикасы адистигине — 1 орун
- Ф. Скорин атындагы Гомель мамлекеттик университетине, Тарых (жалпы тарых) адистигине – 1 орун
Профессордук – окутуучулук курамына стажировка:
- П.М. Машеров атындагы Витебск мамлекеттик университетине, Этнопедогогика адистигине (илим мектебинин алкагында) – 5 орун
Профессордук – окутуучулук курамынын билимин жогорулатуу үчүн курс:
- Белорус мамлекеттик техникалык университети, Токой – чарбачылык адистиги. Сейил багынын курулушу боюнча адистикке – 2 орун
Сынака катышуучулар төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:
- Арыз;
- Резюме;
- Анкета сүрөтү менен;
- Билими тууралуу документ, окуган сабактары жана экзаменде алган баалары(балл);
- Медициналык аныктама 086 жана ВИЧ/СПИДтин жоктугу тууралуу аныктама;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- 3х4 көлөмүндөгү сүрөт;
- Паспорттун көчүрүмөсү (IDжана жана чет элдик паспорт)
Документтер 2018-жылынын 30 майында саат 17.00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
КР Билим берүү жанаилим министрлиги (220кабинет), тел 0(312) 62 15 19
Бөлүшүү
Комментарийлер