«БАЗАРЛАР МЕНЕН СООДА-САТЫК ЖАЙЛАРЫН КЫДЫРЫП, ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ МЕНЕН, ЖООПКЕРЧИЛИК ЧАРАЛАРЫ ДА КӨРҮЛӨ БАШТАДЫ»

  • 16.03.2020
  • 0

Дүйнөдө кеңири жайылып жаткан коронавирус илдетинин айланасындагы абалдан пайдаланган айрым шылуундар азык-түлүк наркын көтөрүү аракетин жасоодо. Азыр андай соодаргерлерге каршы кескин чаралар көрүлө баштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

«Кечээ мэрлер менен акимдер, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери баардык базарлар менен соода-сатык жайларын кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, жоопкерчилик чаралары да көрүлө баштады. Мисалы, 1200 сомдук ундун баасын 2000 сомго чейин көтөрүп жиберген соодагерлердин кампалары жабылып, эки кылмыш иши козголду. А, чынында биздеги ун жетиштүү. Азыр соцтармактар аркылуу жалган маалымат таратып, калк арасында козутуу аркеттерине каршы да чаралар көрүлүп жатат», — деди вице-премьер.

Андан тышкары, 11 азык-түлүктүн түрү боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, дан азыктарын иштетүүчү ишканалар, азык-түлүк импорттоочу жактар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. «Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялангандыктан, эки өлкөнүн өкмөт башылары сүйлөшүп, жүк ташуулар тоскоолдуксуз өтмөй болду. Ошондой эле кытай тарап менен да сүйлөшүп жатабыз. Алдынала маалыматтарга караганда, кытайдын ишканалары четинен иштей баштаптыр», — деп кошумчалады Эркин Асрандиев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер