БАЗАРКУЛОВ МУКАШ БАЗАРКУЛОВИЧ — НЕКРОЛОГ

  • 21.07.2021
  • 0

2021-жылдын 16-июлунда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Базаркулов Мукаш Базаркулович дүйнөдөн кайтты.

БАЗАРКУЛОВ МУКАШ БАЗАРКУЛОВИЧ - НЕКРОЛОГ

Ал 1935-жылдын 5-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлгөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Мукаш Базаркулович эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРнин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн.

1965-жылдан тартып партиялык иште эмгектенген: партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору, 1971-1979-жылдары партиянын Талас райондук комитетинин экинчи, андан кийин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган.

1979-жылы ал Кыргыз ССРнин агартуу министри, ал эми 1988-жылы эл агартуу министри болуп дайындалып, 1991-2006-жылдары Чүй облустук билим берүү башкармалыгын жетектеген.

М. Базаркулов Кыргыз ССРнин Элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, педагогикалык жаӊычыл ой жүгүртүүлөрдү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн.

Ал Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри болуп турганда 348 000 окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64 000 балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган.

М. Базаркулов педагогикалык ишти коомдук-саясий иштер менен айкалышта аткара билген. Ал элдин ишенимине татып, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

М. Базаркулов депутат катары эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөө боюнча мыйзамдарды кабыл алууга да жигердүү катышкан. Ал Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынышына чоң салымын кошкон.

Ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими», 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардак наамдары ыйгарылган, ал 2000-жылы «Даӊк» медалы менен сыйланган.

Мукаш Базаркуловдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов, С.С. Касмамбетов, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, Ж.К. Бакашова, О.М Бакиров, Ж.К. Турускулов, М.К. Алимбеков, Б.Э. Торобаев, А.Т. Сулайманов, Ш.И. Абдылдаев, Г.С. Молдобекова, Ч.А. Абыкеев, М.О. Букуев, А.К. Капаев, Р.А. Сабиров, Б.Д. Купешев, Г.Дж. Байтерек, А.А. Акматалиев, Ж. Акималиев, Ж. Акималиев,
К. Асанов, Д. Берикбаев, К. Осмонбетов, А. Жайнаков, К. Исаев, Б. Исаков, А. Сманбаев, Ж.Ж. Жанузаков, Т.С. Саякбаева, С.А. Ашимбаев, Ж.К. Жапаров ж.б.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер