АТ-БАШЫНЫН «БҮЧҮР” БИЙ АНСАМБЛИ ФРАНЦИЯГА ЖОЛДОМО АЛДЫ

  • 28.12.2018
  • 0

Ат-Башы айылындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде уюшулган «Бүчүр» бий ансамбли Анталияда өткөн эл аралык фестивалга катышып келишти.

АТ-БАШЫНЫН «БҮЧҮР” БИЙ АНСАМБЛИ ФРАНЦИЯГА ЖОЛДОМО АЛДЫ

Маалым болгондой, «Бүчүр» бий ансамбли 2004-жылы уюшулуп, ошондон бери жакшы жетишкендиктерге ээ болуп келатышат. Башында топто төрт гана бала болсо, учурда жалпы 36 бала бийлейт. Үстүбүздөгү эле жылы Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык фестивалда 2-орунду камсыз кылышкан. Ал үчүн окуучулар үч күнгө Ысык-Көлгө бекер эс алууга, Анталиядагы эл аралык фестивалга жолдомо алышкан. Ошонун негизинде бийчилер ал фестивалга Кыргызстандын атынан катышып, эс алып дагы келишти. Эми 2019-жылы Францияга барып, кыргыздын улуттук бийин тартуулап келишет.

АТ-БАШЫНЫН «БҮЧҮР” БИЙ АНСАМБЛИ ФРАНЦИЯГА ЖОЛДОМО АЛДЫ

  • Биздин бийчи балдарыбыз жаш курагына жараша кенже, орто, жогорку деп үч топко бөлүнөт. Беш жаштан баштап балдарды кабыл алам. Жаш өзгөчөлүгүнө жараша бийлетебиз. Балдардын ийилчектигине, музыканы айырмалай, талдай билгенине карап алабыз. Ошондо бала бийчи болуп чыгат. Бизде бийди үйрөнүү оор эле, ийилүү, мостике туруу оор, балдардын баары ошолорду жасайт. Улуттук бийлердин көбүн, өзбек, орус бийлери бийленип жүрөт. 50гө жакын бийдин түрүн бийлешет, — дейт аталган топтун жетекчиси Аида Айтмамбетова. — 2018-жылы райондук, облустук «Жаш таланттар» сынагынан 1-орунду, республикадан 2-орунду алдык. Анталияда эс алып, бийлеп келишти. Ал жакка 15 улуттан келишти, фестивалдан ар ким өзүлөрүнүн бийлерин тартуулашты. Биз дагы өзүбүздүн “Маш ботой” бийибиз менен барганбыз. Фестивалдан кызыктыруучу сыйлыктарды алдык, жетишкендиктерибиз жакшы. Эл аралык фестивалга дагы катышалы деген оюбуз бар. Быйыл дагы Францияга жолдомо алганбыз, буюрса жай айы менен барабыз деп турабыз.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер