БАШКЫ ПРИОРИТЕТ — АДАМДЫН БИЛИМИ ЖАНА ДЕН СООЛУГУ

  • 18.07.2023
  • 0

Жакынкы 10-20 жылга чейинки мезгилдеги кыргыз өкмөтүнүн стратегиясы өлкө жарандарынын билимин жогорулатууга жана ден соолугун чыңдоого арналат.

БАШКЫ ПРИОРИТЕТ — АДАМДЫН БИЛИМИ ЖАНА ДЕН СООЛУГУ

Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз докладында баса белгиледи.

— Биз эки жылдан бери 247 млрд. сом менен бюджетти кабыл алдык эле, быйыл 557 млрд. сом менен бүтүрөбүз деп жатабыз. Албетте, ушунун көбү социалдык тармакка  бөлүнгөн. Айлык акыларды көтөрдүк. Бирок жыйынтык биз күткөндөй болбой жатат. Ортозар мугалимдер жок эмес. Директорлор конкурсунда тестирлөөдөн өткөнү менен менеджерлик сапаттары өнүкпөгөн педагогдор мектепке  жетекчи болуп келүүдө. Бул көйгөйлөрдөн кантип арылабыз? Менимче, ата-энелердин көзүнчө мугалимден экзамен алуу керек. Ал эми мыкты директорлорго бир эмес, үч мектепти жетектөөгө неге болбосун? — деп айтты Министрлер кабинетинин төрагасы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер