БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛГА БЕЛЕК – АКЫЛДУУ КИТЕП

  • 05.12.2018
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси»  эл аралык коомдук фонду  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте  жаңы жылдын алдында  «Балдарга жаңы жылга белек — Акылдуу КИТЕП» акциясын баштайт.  Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга  буруу, балдардын сөз  байлыгын, ой жүгүртүүсүн  калыптандырууда китептин баалуулугун  көрсөтүү. Иш-чара  жаңы жылга чейин республиканын бардык аймактарында өтөт.

БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛГА БЕЛЕК – АКЫЛДУУ КИТЕП

Аталган акцияны  5-декабрь күнү КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Касымалиева  Ош шаарындагы  №37 «Байчечекей» балдар бакчасында  жана ушул эле күнү №17 мектеп гимназиясында балдарга китеп окуп берүү менен баштап жатат. А.Касымалиева  эстафетаны өзүнүн коллегасына тапшырат.  Депутат  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан даярдалып, жарык көргөн балдарга арналган «Манас в рисунках», «Балдарга базарлык»,  «Тоо жаӊырткан чагылган», «Кыргызстанды кыдырабыз»,  «Ынтымак сыры», «Балерина», «Мектепке саякат», «Биз мектепке барабыз»   ж.б. китептерден   окуп берет. Ошондой эле эл өкүлү китеп каармандары тууралуу  балдар менен баарлашып, алар менен ой бөлүшөт.

Бул иш-чара учурунда каалоочулар  жогоруда аталган китептерди  сатып алышса да болот.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер