БАЛДАРДЫ ЗОМБУЛУКТАН КОРГОО — УЧУР ТАЛАБЫ

  • 29.01.2019
  • 0

2019-жылдын 25-январь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №14 “Нооруз” балдар бакчасында жашы жете элек балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү.

БАЛДАРДЫ ЗОМБУЛУКТАН КОРГОО - УЧУР ТАЛАБЫ

 

Бул семинарга Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Нышанов, мектепке чейинки мекемелер боюнча адиси У. Шамаматова, айыл башчысы Э. Субанов, ата-энелер жана райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, анын балага тийгизген таасири жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, кенен талкуу жүргүзүлдү. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган «Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция», Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндөгү кодекси» тууралуу ата- энелерге кенен түшүндүрүлүп, суроо-жооптор болду.

БАЛДАРДЫ ЗОМБУЛУКТАН КОРГОО - УЧУР ТАЛАБЫ

Семинар-тренингдин акырында ата-энелерден ушундай семинарлар мектеп, бакчаларда көбүрөөк өткөрүлсө, зордук-зомбулуктун, балдарга карата жасалып жаткан кылмыштардын алдын алган болот элек деген сунуштар түштү. Иш чаранын акырында бакчанын тарбиялануучулары тарабынан чакан концерттик номерлер тартууланды.

К. Мурашева, №42 «Нур-Айым»  балдар бакчасынын  директору

Бөлүшүү

Комментарийлер