БАЛ ЖУУРАН БАЛАЛЫК
- 28.05.2025
- 0
Бүгүн, 28-майда Агартуу министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Улуу мурас баланын жүрөгүндө» аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрдү.
Анда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров бөбөктөр үчүн Кыргыз мамлекеттик циркинде россиялык артисттердин катышуусунда атайын концерттик программа уюштурулгандыгын баса белгилеп, ал балдардын руханий өсүп-өнүгүүсүнө багытталгандыгын айтып өттү.
- Кымбаттуу бөбөктөр силерди келе жаткан 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер! Жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, бардык дүйнө жүзүндөгү балдар бактылуу болушсун. Сиздердин эртеңки жаркын келечегиңер үчүн мамлекет ар тараптуу камкордук көрүп жатат. Урматтуу балдар келечектеги кыял-максаттарыңар орундалсын! Мамлекетке, элге-журтка болгон мекенчилдик сезим менен чоңойгула. Алдыңкы окуу жайлардан билим алып, жакшы кызматтарда иштешиңерге тилектешмин, — деди.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова министрликтердин биригүүсүндө бөбөктөр үчүн атайын оюн аянтчалары түзүлгөндүгүн билдирип, “Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Шаршеевнанын жана өзүбүздүн жаамат — жалпы педагогдордун атынан сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз үчүн ар бир баланын орду өзгөчө, ар бири эсбегейсиз талантка ээ. Алар үчүн Кыргызстанда шарттар жаралышы керек жана жаралып жатат. Дайыма бактылуу балалыкта өсүп, бекем ден-соолукта болуңуздар! Кыргызстандын патриот жараны болуңуздар.” — деп куттуктап өттү.
Иш-чарада балдар үчүн Артур жана Карина Багдасарова жана Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери менен биргеликте дүйнөлүк денгээлдеги коллаборациялык концерт тартууланды. Ошондой эле ар түрдүү темадагы он интерактивдүү зона иштеди. Ар бир аянтча балдарга жаңы таасирлерди жана пайдалуу маалыматтарды камтыды. Мисалы, кошумча билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Алардын бири — Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун “Азем” ансамбли. Аталган ийримдин жетекчиси Нургүл Рысмендееванын айтымында, азыркы мезгилде балдарды тарбиялоодо кыргыздын рухий маданиятын өнүктүрүшүбүз керек. Улуттук уңгусун муундан муунга калтырууда чыгармачылык мамилеге өзгөчө көңүл буруу кажет. Себеби чыгармачылыкка жакын балдар элин-жерин сүйгөн муун болуп калыптанат. Андыктан жаштар кыргыздын улуттук аспабы — комузду үйрөнүп, кийинки муунга өткөрүп бериши керек.
Аталган кошумча билим берүү борборунун тарбиялануучусу Асанкадырова Акылай “Азем” ансамблинде эки жылдан бери комузда кол ойнотууну үйрөнүп келет. Ал 14 жашта. Өспүрүм бул ийримге өзүнүн кызыгуусу менен катышып, бир топ ийгиликтерди жаратууга жетишкен. Атүгүл, жакында эле Түркияда өткөн эл аралык сынакка катышып, эл-жер көрүп, таржрыйба арттырып келди.
- Мага комуз черткен абдан жагат. Азыркы учурда мен чоң күүлөрдү үйрөнүп калдым. Жакында эле Стамбул шаарындагы фестивалда чоң сахнада комуз черттим. Бул мага башкача эмоцияларды тартуулады. Дагы да көптөгөн өлкөлөргө барабыз деп ойлойм. Комузду мен аябай баалайм жана жакшы көрөм, — дейт.
Мындан сырткары, музыкалык-сахналык аянтчада кыргыз элинин улуттук бийлери үйрөтүлүп, комуз жана башка аспаптарда ойноо боюнча концерттер жана мастер-класстар уюштурулду. Кол өнөрчүлүк жана көркөм сүрөт аянтчасы – Этно-комикстер «Манас келечекте», улуттук оймо-чиймелерди кенепке түшүрүү, керамика өнөрү, арт-флешмоб жана башка чыгармачыл иш-чаралар менен коштолду. Робототехника, илимий шоу-программалар, 3D-моделдөө, санарип сүрөт тартуу жана логиканы өнүктүрүүчү оюндар STEAM-аянтчасында орун алды. Санариптик дүйнө, илим жана технология, улуттук кол өнөрчүлүк жана фантазия – жыгачтан боз үйдүн бөлүктөрүн жасоо, Deneyap чип карталары менен иштөө, код жазуу, алгоритмдерди түзүү, роботторго программаларды жүктөө, микроскоп менен иштөө, дрондун жасалма макетин изилдөө жана математиканы кызыктуу жана түшүнүктүү кылууга жардам берген оюндардан турду.
Бул майрам балдарга өзүн көрсөтүүгө, чыгармачылыкка, билимге жана баарлашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер