БААЛООНУ АКЫЙКАТ ЖҮРГҮЗСӨК

  • 16.01.2020
  • 0

Окуучунун сабактагы эмгеги мугалимдин койгон баасы аркылуу бааланат. Бирок коюлган баа дайыма эле адилеттүүбү? Баалоону кандай жүргүзүү туура? Баалоонун кандай түрлөрү бар? Баалоо шкаласы деген эмне? Баа коюуда кайсы принциптерге таянабыз? Ушул суроолорго бүгүнкү макалада жооп издеп көрөлү.

БААЛООНУ АКЫЙКАТ ЖҮРГҮЗСӨК

Демейде бардык адамдар баалоого муктаж. Кызматкерлер жетекчиден, балдар ата-энелеринен мактоо, кубаттоо сөздөрүн уккулары келишкендей эле, мектепте окуучулар да тигил же бул аткарган окуу ишмердиги үчүн жакшы бааны күтүшөт. Бирок, тилекке каршы мектепте коюлган баанын бардыгы эле акыйкат дегенден алыспыз.

Алыс барбай, өзүмдүн уулумдун мектептеги билим алуу тажрыйбасынан айта кетейин. Биринчи классында, окууну баштап-баштабай жатып, уулум Адеп сабагынан «2» алып, үйгө ыйлап келди. Сурап көрсөм, мугалими төрт сап ырды жаттабай барганы үчүн ушундай бааны коюптур. Аны сооротуп, башкаларга сабак болсун деген таризде, «Кутбилим сабактын» биринчи бетине «Биринчи класстын окуучусуна «эки» койбосок!» деген чакан макала жазгам. Эжейи ошону окудубу же окубадыбы билбейм, бирок балдардын билимин адилетсиз баалоо фактылары азыр да жок эмес. Алтынчы класстын окуучусу чет тилинен чейрекке «3» чыгыптыр. «Эжейим башка группадан келдиң деп ошондой баа койду» дейт ал бала. Менимче, мугалим окуучунун мурунку топтогу жетишүүсүнө кызыкса, же жок дегенде текстти окутуп көргөндө дале, окуучунун билим деңгээлин аныктап алмак.

БААЛООНУ АКЫЙКАТ ЖҮРГҮЗСӨК

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, борбор шаарыбыздагы  Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс – гимназиясынын директору  Сайрагүл Атаева мектеп практикасында окуучу менен мугалимдин, ата-эне менен мугалимдин ортосунда  мындай түшүнбөстүктөр баарынан мурун баалоону туура жүргүзбөгөндүктөн улам болот деген пикирди айтат.

— Баалоо адилет болушу кажет. Бирок бул ишти эмнеден баштоо керек? Эң биринчиден, баалоо менен бааны ажыратып алышыбыз зарыл. Баа – бул баалоо процессинин жыйынтыгы, окуучулардын жетишкендиктеринин сан жана билим менен көрсөтүү. Баалоо – бул алган жыйынтык менен пландалган максаттардын дал келүүсү. Баалоо системасы окуучунун кабыл алуу деңгээлин, өсүүсүн көрсөтүүсү зарыл, — дейт устат педагог.

Айта кетсек, бул гимназияда  мектеп уставынын негизинде окуучулардын билим, билгичтигин баалоо боюнча атайын жобо иштелип чыккан.  Жободо баалоонун максаты «билим берүү ишмердүүлүгүнө диагноз жүргүзүү» делсе, баа коюунун принциптери «объективдүү, калыс жана адилет», «окуучунун жаш курагына жараша» болушу керектиги,  баа коюунун критерийлерине таянып, «5» деген баа – толук жана туура жоопко,  «4», «3» — туура, бирок толук эмес жоопко, «2» — туура  эмес  жоопко коюлары айтылат.  Андан ары баа коөрдо мугалим «орой каталарды», «окшош каталарды», «орой эмес каталарды» айырмалап, каталардын санын жана түрүн эске алуу жагы белгиленип,окуучуларга журналга, күндөлүккө коюлуучу күнүмдүк, чейректик жана жарым чейректик, жылдык баа коюунун тартиби так берилген. Жобо биринчи класстын окуучуларына баа коюуга тыюу салат.

БААЛООНУ АКЫЙКАТ ЖҮРГҮЗСӨК

Ал эми  USAIDдин “Келгиле, окуйбуз! “ долбооруна караштуу максаттуу мектептерде эмгектенген мугалимдер окуучуларды баалоодо калыстык, ишеничтүүлүк, жарамдуулук сыяктуу негизги принциптерди жетекчиликке алышат. Ошол принциптердин ар бирине кыскача токтоло кетели.

Калыстык принциби бардык окуучулар бирдей шартта окшош сыноодон ѳтүшүн талап кылат. Маалыматтарды текшерүү калыстыгы мугалим үчүн дагы, бардык окуучулар үчүн дагы баалоонун бирдей критерийлеринин болушун туюндурат.

Ишеничтүүлүк принциби ошол эле белгини кайталап ѳлчѳѳдѳ бирдей натыйжа алууга мүмкүнчүлүк берген педагогикалык баалоонун тактыгын билдирет.

Жарамдуулук — бул башка нерсе эмес, чын эле ѳлчѳѳгѳ тийиш болгон нерсе ѳлчѳнүп жаткандыгын кѳрсѳткѳн баалоо усулунун аныктыгы.

Мектепте баалоонун “диагноздоочу”, “калыптандыруучу” жана “жыйынтыктоочу” деп аталган үч түрү кеңири колдонулат(Калыптандыруучу баалоо, 7-модуль, Мугалимдер үчүн колдонмо). Диагноздоочу баалоо деген эмне? Мугалим окуу жылы ичинде жетишилген натыйжалар менен окуучунун билгичтиктеринин баштапкы калыптануу деңгээлине салыштыруу жүргүзѳт. Диагноздоочу баалоонун натыйжалары сыпаттоо түрүндѳ катталып, жалпыланат жана мугалимдин окутуу милдеттерин аныкташына, окуучуга берилүүчү тапшырмаларды берүү жолу менен окуу процессине түзѳтүүлѳрдү киргизишине жана анын ѳркүндөтүшүнѳ негиз болот. Качан

колдонулат? Теманын, бөлүмдүн алдында, чейректин, окуу жылынын башында, жаңы класс же

окуучу менен иштей баштаганда диагноздоочу баалоо колдонулат.

Калыптандыруучу баалоо  болсо сабак учурунда дайыма, үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Калыптандыруучу баалоонун максаты — окуучунун жетишкендиги менен материалды жекече ѳздѳштүрүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн аныктоо, ошондой эле окуучунун ийгиликке жетиши үчүн сунуштарды иштеп чыгуу болгондуктан, мугалим аны  окутуунун жүрүшүнѳ жараша ѳз убагында түзѳтүү, пландоого ѳзгѳртүү киргизүү үчүн пайдаланат.

Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Чынара Аттокурова калыптандыруучу баалоодо жазуу жүзүндөгү кайтарым байланыш зарыл деп эсептейт. Мында  окуучулар  өз иштерине карата мугалимдин комментарийи менен таанышып, сунуштарын эске алып, аларды оңдоп-түзөп иштеринин сапатын жакшыртышат. Мугалим кайтадан оңдолгон ишти тапшыруунун мөөнөтүн так аныктайт.

Чынара Аттокурова “Башталгыч мектепте математиканы окутууда кайтарым байланышты колдонуу” аттуу макаласында жазуу жүзүндөгү кайтарым байланышка төмөнкү мисалды келтирет:

“ Тик бурчтуктун туурасы 5 см, узуну 15 см ге барабар болсо, анда анын аянты эмнеге

барабар?

Окуучу маселенин шартын кыскача белгилеп, маселени чыгаруу үчүн аянтты табунун формуласын колдонуп, төмөнкүдөй чыгарган.

a = 5 см S = a·b

b = 15 см; 5·15=85 см2

S = ?

Жообу: тик бурчтуктун аянты – 85 см

Бул учурда мугалим окуучу ката кетиргенин көрүп: «Азаматсың, сен маселенин шартын жана тик бурчтуктун аянтын табуунун формуласын туура жазып, колдонгонсуң. Бирок, тик бурчтуктун узуну менен туурасынын маанилерин коюп, эсептөөдө ката кетирдиң.

Көбөйтүү амалын дагы бир жолу мамыча түрүндө аткар, анан өзүңдүн аткарган тапшырмаң менен салыштыр,  катаңды оңдо. Жообун көңүл коюп, тууралап жаз» деп ага комментарий жазат”.

Калыптандыруучу баалоонун дагы бир “Жол чырагы” аттуу техникасына токтоло кетели. Теманы  мыкты түшүнгөн окуучу «жашыл» түстү, канааттандырарлык даражада түшүнгөн окуучу «сары», таптакыр эле түшүнбөгөн окуучу » кызыл» түстү көрсөтөт. Мугалим жашыл түстү көрсөткөн окуучудан кайра маалыматты кайталап коюуусун суранат.

Жыйынтыктоочу баалоо  болсо, окутуунун ар бир баскычында пландалуучу натыйжаларга окуучулардын жетишүү даражасын аныктоо үчүн кызмат кылып, утурумдук (күн сайын), аралык (жазуу жүзүндө) жана жыйынтыктоочу(чейректик, жарым жылдык, жылдык) баалодон түзүлөт. Жыйынтыктоочу баалоого  теманын, бөлүмдүн, чейректин, окуу жылынын аягында кайрылабыз.

Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календарына  ылайык жүргүзүлүп,  баалоонун  критерийлерине жараша жазуу жүзүндө аткарылат.

Мугалим баалоонун  түрүн колдонууда,  баалоонун максатын эске алышы абзел.

Эгер ар бир окуучунун окуу материалынын маанилүү бөлүгүн өздөштүргөн-өздөштүрбөгөндүгүн аныктоо зарыл болсо, бул учурда баалоонун критерийлик түрүн колдонуу шарт.  Мектеп олимпиадасына катыштыруу үчүн класстан бир нече окуучуну тандап алуу зарыл болгондо сөзсүз баалоонун ченемдик түрү керек.

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер