АЙГҮЛ АБДРАЕВА: “УНИВЕРСИТЕТТИ ЭКИ ЭТАП МЕНЕН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛДЫМ”

  • 25.01.2023
  • 0

Жыл жаңырар алдында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланды. КМУ республикада төбөсү көрүнгөн, тарыхы бай окуу жай. Ушундай түптүү университетке беш ай мурун филология илимдеринин кандидаты, профессор Айгүл Абдраева жетекчи болуп дайындалган. Бул маекте Айгүл Төлөковна университетте мындан аркы аткарыла турган иштер жана  алдыга коюлуп жаткан пландар боюнча айтып берди. 

АЙГҮЛ АБДРАЕВА: “УНИВЕРСИТЕТТИ ЭКИ ЭТАП МЕНЕН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛДЫМ”

– Айгүл Төлөковна, окуу жайдын “Даңк” ордени менен сыйланышын чын жүрөктөн куттуктайбыз. “Сыйлык – сыймык” демекчи, бул сыйлык окуу жайдын жалпы жамаатынын, сыймыгы, эмгегинин үзүрү. Анын арасында сиз да барсыз. Өзүңүз көп жылдар бою эмгектенген университетке жетекчи болуп келгениңизге беш айдын жүзү болуп калды. Ишти эмнеден  баштадыңыз?

Рахмат. Мугалимдик – кесиптердин ичинен үзгүлтүксүз изденүүнү талап кылган, ары ардактуу, ары абройлуу кесип. Бул сыйлык ушундай ардактуу кесиптин ээлерин даярдаган, жалпыга байкалбаган түйшүккө чыдап, жаш муунга талыкпастан билим жана тарбия берүү менен алектенип келген биздин окуу жайдын жалпы профессордук-окутуучулар курамынын сыйлыгы, биздин сыймык. Биздин негизги максатыбыз жогорку кесиптик билимге ээ болгон, өз адистигин сүйгөн, заман талабына ылайык өз адистиги боюнча компетенттүү иш алып барууга даяр, кесипкөй келечек муунду даярдоо болуп саналат. Окуу жайда студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн учурдун талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн.

Мен окуу жайдын жетекчилик кызматына талапкерлигимди коюп жатканда университетти мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык планын сунуштагам. Аткарыла турган иштерди эки этапка бөлүп алгам. 1-этапта – 2022-2025-жылдары стартап долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, ата мекендик жана чет өлкөлүк эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жаңы адистиктерди киргизүү, документ жүгүртүүнүн санариптик форматына толугу менен өтүү, университеттин сапаттык курамын аспирантура жана PhD базалык докторантура аркылуу чыңдоо иштери камтылган.

АЙГҮЛ АБДРАЕВА: “УНИВЕРСИТЕТТИ ЭКИ ЭТАП МЕНЕН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛДЫМ”

2-этап 2025-2027-жылдарды камтып: университеттин эл аралык билим берүү аренасындагы позициясын бекемдөө; өнөктөш чет өлкөлүк ЖОЖдор менен академиялык мобилдүүлүк боюнча байланышты чыңдоо; университеттин студенттери ишке ашырган стартап долбоорлордун санын 5-10 эсеге көбөйтүү, анын ичинде интеллектуалдык менчиктин патенттелген продукцияларынын санын жыл сайын 200гө чейин көбөйтүү пландалган.

Биздин окуу имараттарыбыз баары бир жерде жайгашпагандыктан документ алмашууда окутуучулар жана административдик кызматкерлер үчүн жеңилдик жаратуу, убаракерчиликти азайтуу, жумуштун ыкчамдыгын арттыруу максаты “Санарип университет” деген программада орун алган. Санарип университет бул – электрондук документ жүргүзүү түзүмү. Учурда окуу жай аталган программа иштеп жатат. Мындан сырткары электрондук журналды киргизүү да камтылган. Ал аркылуу студенттердин сабакка катышуусу электрондук түрдө көзөмөлдөнүп турат. Студент ар бир дарскананын эшигине жайгаштырылган QR кодго чөнтөк телефонду жакындатып, электрондук журналга өзүн-өзү каттайт. Бул студенттердин сабакка катышуусун камсыздайт. Себеби билимдин сапатын жогорулатууда эң биринчи орунда студенттин сабакка катышуусу турат.

Программада дагы бир орчундуу бөлүм катары илимий изилдөө иштерин өркүндөтүү каралган. Учурда диссертациялык кеңештерди көбөйтүү жана заман талабына ылайык жаңы адистиктерди ачуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ишке ашыруу үчүн кадамдар жасалууда.

АЙГҮЛ АБДРАЕВА: “УНИВЕРСИТЕТТИ ЭКИ ЭТАП МЕНЕН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛДЫМ”

Университеттин базасында бала бакча-мектеп-колледж-университет окуу-усулдук кубаттуу комплексин түзүү дагы кирет.

– Сиз стратегиялык планыңызда стартап долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну негизги планга койгон экенсиз. Бул максатка жетүү үчүн учурда кандай иштер аткарылып жатат?

– 2022-жылы өлкөнүн 20дан ашык жогорку окуу жайларында бизнес-инкубаторлор ачылды. И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору 2022-жылдын май айында түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин студенттер арасында ишкердик тажрыйбаны өнүктүрүү жана стартап идеяларын ишке ашыруу багытында жигердүү иш алып барууда. Борбордо университеттин ар бир түзүмүнөн жооптуу өкүлдөр бекитилип, алар студенттер менен биргеликте иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө биздин студенттер онлайн анкетаны толтуруу менен Стартап борборуна мүчө боло алат. Толтурулган анкетанын негизинде студенттердин маалымат базасы түзүлөт. Базадагы студенттер борбор уюштурган бардык иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алат, мисалы: тренингдер, тимбилдингдер, сынактар, воркшоптор ж.б.у.с.

Долбоордук идеялар үчүн онлайн арыз толтурууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жиберилген онлайн арыз насаатчылар тарабынан каралып чыгат, оңдоо-түзөөлөр жана толуктоолор киргизилген соң долбоор менторлордун талкуусуна сунушталат. Толтурулган онлайн арыз аркылуу студенттер өз идеясын ачып берүүгө, насаатчылардын жардамы менен, менторлордун толуктоолорун алып, долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Андан ары даяр долбоорлорго каржылоо тартуунун ар кандай механизмдери аркылуу ишке ашыруу үчүн сунушталат.

Стартап борбор өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында Enactus Кыргызстан менен кызматташууда. Бүгүнкү күндө студенттерибиз КМУнун Enactus командасына кошулуп, «Enactus Kyrgyzstan» чыгармачыл жаштар командасынын мүчөсү боло алышат. Учурда биздин команданын курамында бардык түзүмдөрдүн студенттеринен куралган 20 активдүү лидер иш алып барууда. Алар университеттин жана “Enactus Кыргызстан” уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Өнөр Union” долбоорунун үстүндө бирге иштөөдө.

Бүгүнкү күндө окуу жай: CAFIN «Central Asian Finish Education Institutes Network» (Азык-түлүк коопсуздугу жана биотехнологияларды өнүктүрүү) Финляндия; “Выстраивая мосты” (социалдык педагогика боюнча) Норвегия; Фонд Сорос – БИОМ; Tempus EDUCA; Эразмус+ CACTLE; Эразмус+ ROAD; Эразмус+ EPCA ж.б. бир катар эл аралык уюмдар менен жигердүү кызматташып келет.

– Заман менен тең жарышуу, билим сапатын арттыруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги алгылыктуу реформаларды жүргүзүүдө. КМУ республикадагы педагогикалык адистерди даярдаган бирден бир окуу жай катары кандай иштерди баштады?

– Азыркы ааламдашуу шартында жалпы дүйнө жүзүндө жана анын ичинде Кыргызстандагы билим берүү жаатындагы реформалар билим берүү системасында жаңыча көз караштарды, жаңыча багыттарды жана ойлонууну талап кылып жаткандыгы баарыбызга маалым. Алсак, Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүүнү көздөп жатат. Эгер бул система ишке ашырылса, жалпы билим берүү методикасына дагы өзгөрүүлөрдү киргизүү муктаждыгы жаралат. Демек, биздин окутуучулар жамааты креативдүү жана компетенттүү жаңы муундун педагогдорун даярдап берүү жаатында алгылыктуу иштешибиз керек. Жогорудагыдай өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жаңы адистиктерди ачууну да көздөп жатабыз. Быйылкы окуу жылында окуу жайыбызда кош адистиктер ачылды. Бүтүрүүчү өзүнүн негизги адистигине жакын дагы бир адистикке ээ боло алат. Мындай шарт университетти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуусун кыйла жеңилдетет деп ишенебиз. Ушундан уламбы, кош адистикке болгон талап абдан жогору болду.

Биздин университет жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин элчиликтери, жалпысынан дүйнөнүн 90го жакын мамлекетиндеги жогорку жана атайын кесиптик билим берүү окуу жайлары менен кызматташып келет. Мындан сырткары, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында жакшы окуган, алдыңкы студенттерибиз 1-2 семестрге чет өлкөлүк окуу жайларга жөнөтүлүп турат. Алсак, азыркы тапта биздин 11 студентибиз Казакстандын Астана шаарындагы Л.Гумилев атындагы ЕУУда окуп жатышат. Алар жазгы семестр аяктаган соң кайтып келишет. Ошол эле учурда чет өлкөлүк студенттер бизге келип окуй алат. Мындай мүмкүнчүлүк студенттердин дүйнө таанымынын кеңейишине шарт  түзөт.

АЙГҮЛ АБДРАЕВА: “УНИВЕРСИТЕТТИ ЭКИ ЭТАП МЕНЕН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛДЫМ”

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилер факультетинде кытай, корей, түрк араб тилдери адистик катары окутулат. Мисалы, кытай тилин негизги адистик катары окуган студенттер онлайн форматта Кытайдагы университеттерден дагы билим алып жатышат. Университетти аяктаганда диплому менен чогуу чет өлкөлүк окуу жайлардын сертификаттарын да  алышат.

Учурда Венгрия мамлекетинин элчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жакында чет тилдер жана компьютердик лингвистика факультетинин базасында Венгр тили жана маданияты борбору ачылат. Мындай борборлор окуу жайыбызда арбын, алардын артыкчылыгы студенттердин чет тилдерди жогорку деңгээлде үйрөнүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле Япония менен биргеликте Японтаануу институтунун базасында маалыматтык технологиялар адистигин ачканы жатабыз. Бул максатыбыз ишке ашса, аталган адистикте окуган студенттер акысыз билим алат жана эки жыл биздин окуу жайда, эки жыл Японияда окуп, кош дипломго ээ болот.

Мындан сырткары, PhD докторантура программасынын жобосуна ылайык, докторанттардын эки илимий жетекчиси болушу керек. Жетекчилердин бирөөсү чет өлкөдөн болуусу шарт. Ошондой эле чет өлкөдөн стажировкадан өтүшү керек ж.б. Андыктан, PhD докторанттарын даярдоо жаатында дагы чет өлкөлүк окуу жайлар менен тыгыз кызматташып жатабыз.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер