“АЙДАЙ” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

  • 30.05.2025
  • 0

Бишкек  шаарындагы №20 “Айдай” бала бакчасынын ачылганына быйыл эки жылдын жүзү болду. Ал Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылы 1-июнда – Балдардын эл аралык күнүнө карата ачылган эле. Бала бакчанын ишин ичинен жакшы билген, кесипкөй жетекчи Анара Батырканова жетектейт.

“АЙДАЙ” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

Даярдоо топтон 53 бала, улуу топтон 49 бала мектепке узашты.

Реконструкция

Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси мурдагы “Сетунь” заводунун кароосуз калган бала бакчасы болгон. Жеке менчикке өтүп кеткенине байланыштуу бул имарат көп жыл каралбай, болгону дубалы гана калган. Мамлекет сотко берип, 2019-жылы  өкмөттүн токтому чыгып, шаардык кеңеште бекитилип, муниципалдык менчикке өткөзүп берилген.  Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин демилгеси менен кайрадан бала бакчага ылайыктап, толук капиталдык ремонттон өткөртүп, кыргыз элинин керегине жараган мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмуна айландырган.

— 2023-жылдын март айынан баштап бала бакчанын ачылышына чейин өзүм иштеп жүрдүм. Ысыгына да, суугуна да карабай келечек муун үчүн эмгектендик. 140 балага ылайыкталган, азыркы мезгилде 275 бала таалим-тарбия алып жатат. 1-Май районуна караштуу мамлекеттик бала бакча, атын “Айдай” деп “балдарыбыз айга, күнгө теңелсин” деп ырымдап коюшкан. Азыркы  мыйзамга ылайык, ар бир бала каалаган бала бакчага бара алат. Ошондуктан  микроучастоктогу балдардан сырткары жакын жайгашкан Ленин районунун балдары да келет, — дейт директор.

Башкы максат — балдардын аң-сезимин өрчүтүү

Башка бала бакчалардай эле бул мекемеде дагы тарбиялоо жана окутуу процесси мамлекеттик стандарттын негизинде жүргүзүлүп, балдардын ыңгайлуу чөйрөдө өсүп-чоңоюшуна  өзгөчө көнүл бурулуп жатканына күбө болдук.  Эртең мененки көнүгүү, рационалдуу тамактануу, жалпы билим берүү стандартына жараша сабактар, сейилдөө, түшкү уйку, өнүгүү оюндары каралганын жетекчи айтып отурду.

Балдардын аң-сезимин өрчүтүү жана билимдерин тереңдетүү үчүн  ар бир тайпада улуттук бурчтар уюштурулуп, заман талабына жараша STEM жана этно — STEM кабинеттери ачылган. Биз барган учурда бул кабинетте жаңы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен сабактар өтүлүп жаткан экен. Балдар берилген суроолорго такалбай жооп берип жаткандары кубантпай койгон жок. Этнопедагогикага өзгөчө көңүл бурулуп,  балдардын көркөм,  кол өнөрчүлүк сабактарында тарбиячылардын кыргыз  декоративдик колдонмо искусствосунан кыргыз оймо-чийимдери колдонулуп, балдарга кичине кезинен эле улуттук баалуулуктар калыптандырылып жатканы мактоого арзыйт.

“АЙДАЙ” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

 

Балдарды кызыктырган  “Орбиталь” технопаркы жана Этно-STEM

Бул кабинеттердин ачылышына ата-энелер жардам беришиптир. Керектүү  жабдыктардын теңинен көбү Орусиядан алынган экен. Кийин Бишкек шаардык билим берүү департаменти менен райондук билим берүү бөлүмү балдарга тарбия берүүдө чоң салымын кошуп, “STEM — келечек” борбору даярдалып,  этно — STEM каражаттары менен  камсыз кылынган.

— Өткөн жылы STEM билим берүү боюнча балдарыбыз конкурска катышты. Жыйынтыгы жаңы эле бакчанын босогосун аттаган балдар үчүн жаман болгон жок. Биздин педагогдор 2024-жылы өткөн “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы; идеалдуулук жана перспективалар” аттуу STEM боюнча илимий-практикалык коференцияга катышып, тажрыйба алып келишти. Балдардын STEM программасы жылдык планга бекитилип, күн тартибиндеги сабактарга киргизилген. Этно — STEM деген — улуттук каада-салтты унутпаш үчүн атайын жыгачтан жасалган улуттук буюмдар. Аны бизге Сейитбек уулу Солдат деген бала жасап берген. Бул комплекттин ичинде улуттук боз үйдөн баштап чүкөгө чейин бар. Улуттук оюндарга балдар кызыгуу менен катышып жатат. Балдар эртең менен келип эле “STEM  кабинетке киремби?”, — дешет. Этнопедагогика да ар бир тайпага өтүлөт. Тарбиячылар STEM  боюнча курстан окуп, сертификат алып келишкен жана, ошондой эле тарбиячылардын портфолиосунан сырткары өздүк кол иштери да этно — STEM кабинетибизди толуктап турушат,  – дейт Анара Батырканова. Быйыл 30-майда болчу конкурска бала бакчанын даярдоо жана жогорку топтун балдары катышты.

“АЙДАЙ” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

 

Аралаштан кыргыз тилдүү бала бакчага айланат

— Окутуу аралаш. Быйыл бир эле орус тайпа бар. Башка улуттагылар деле кыргыз тилинде ыр жаттап, сүйлөгөнгө аракет кылышууда. Максатыбыз – жаңы окуу жылынан баштап толук кандуу кыргыз тилдүү бала бакчага өтүү. Ошондой эле тарбиячылар дагы эмки жылдан баштап сынакка катышып, ийгиликтерди жараталы деген  пландарыбыз  бар.  Билим берүү тармагы трансформацияланып жатканда, биз дагы 2018-2019-жылкы балдарды мектепке татыктуу даярдап берели деп бардык иш-аракеттерди көрдүк, — деди  Анара Батырканова.

Бала бакчада учурда 2018-жылкы 53 бала болсо, 2019-жылкы  50 бала бар. Балдар абдан тың экен. 2018-жылкылар үчүн жумасына 17 жолу сабак болсо, 2019-жылкыларга 15 жолу сабак өтүлдү. 2019-жылкы балдар мектепке даяр экенин, тамгаларды таанып, окуп калганына биз дагы өзүбүз  күбө болдук.

Жакшы болуу  аста-аста дегендей, 2023-жылдагы убакка караганда бир топ жылыш бар экен. Ачык сабактарга ата-энелер катышып, ыраазычылыгын билдиришүүдө. Бала бакчага барган балдары өздөрү кийинип, чечинип, кийимдерин иреттеп калгандарына жана татыктуу тарбия алып жаткандарына ыраазы болушууда. Эң башкысы балдары жаттабай, ойлорун тартынбай, кенен айтканга үйрөнүп, өздөрүн эркин алып жүргөндөрү ар бир ата-энени кубандырбай койбойт.

Эшигин көрүп, төрүнө өт

Бала бакчага киргенде эле айлана-чөйрөсүнүн тазалыгы, көрктөндүрүлүп турганы көзгө урунат. Көрсө, райондун жардамы менен эски бактар ирээтке келтирилип, жыл сайын гүлдөрдү жамаат өздөрү жаңыртып турушат экен. Быйыл 100 түп роза, 200 түп майда гүлдөрдү  отургузушуптур. Бала бакчанын айланасына 650 түп жашыл тосмо чырпыктары тигилип, келечек муундарга көрктөндүрүү шарттары түзүлгөн.

Колдон жасалган көрсөтмө курал

“АЙДАЙ” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

Балдардын моторикасын өркүндөтүү үчүн укмуштуудай колдон жасалган дидактикалык материалдарды көрүп, таң бердик. Көрсө, Анара Батырканова өзү жасап, тарбиячыларга үлгү катары көрсөтөт экен.Тарбиячылар тынымсыз изденип этно-STEM программасынын үстүндө өзгөчө иш алып барып, сапаттуу кол иштери менен эмгектенишүүдө. Тарбиячылардын ар бир иши чыгармачылык менен жасалып, баланын аң-сезимин өстүрүүгө багытталган. Аны сөз менен жеткирүүгө болбойт. Аны көрүү керек. Ар бир жасалган материалдар балдардын моторикасын өрчүтүүгө, түстөрдү бөлүүгө,  кыскасы, бөбөктөрдүн таанып-билүүсүнө, табият менен таттуу жашоого басым жасалганы көрүнүп турду.

Ата-эне менен кызматташуу

— Ата-энелердин жардамы менен балдардын майрамдык кийимдери тигилген. Атайын гардеробдо балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша ирээттери менен  сакталат. Жыл сайын “Атам, апам жана мен” деген сынак өткөрүп келебиз. Май айындагы Энелер күнүнө карата энелер мода көрсөтүштү. 2024-2025-жылдагы  мектепке кетип жаткан тайпалардын ата-энелери  өздөрү бала бакчага желимден жасалган отургучтарды белекке калтырышты. Ал эми эски отургучтарды биз муктаж бала бакчаларга берели деп жатабыз, — дейт директор.

Ошентип, эки жыл болсо дагы башка бала бакчалардан кем эмес ийгиликтерге жетишип жатыптыр. Айрыкча, заманбап технологиялар менен иш алып барып жатканы кубандырат. Жетекчинин пикиринде, бир орунга турбастан, күн сайын жаңы ачылыштарга, жаңы ийгиликтерге умтулуу керек.

— Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн азыркы этабында баланын инсандыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө, анын ичинде: кызыгуучулук, максатка умтулуучулук, өз алдынчалык, критикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, чыгармачылык, балдарды ийгиликтүү социалдаштырууну камсыз кылуу, жаш муундун, адамдын жана анын натыйжасында коомдун жана мамлекеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасалууда. Ошондуктан жаңы ачылганыбызга карабай, жаңы, инновациялык жана креативдүү өнүгүүгө багыт алсак деге тилегибиз бар, — дейт Анара айым. —  Бала бакчаларда STEAM лабораториясын киргизүүнүн аркасында өлкөбүздө технологиялык процессти өнүктүрүүдө жана технологияларды модернизациялоодо алдыңкы ролду ойной турган илимий жана инженердик кадрларга болгон муктаждыкты канааттандырууга мүмкүн болот. Биздин балдар бала бакчадагы курагында эле мектеп инновацияларына даяр болушу керек.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер