АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

  • 04.03.2020
  • 0

8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстан Аялдар конгресси билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы эжейлерди медаль, орден жана Ардак грамоталар менен сыйлады.

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

«КР Саламаттык сактоонун мыктысы», ардагер-дарыгер Гулина Мукашева «Лидерлиги үчүн» эл аралык маанидеги алтын медаль, Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетинин “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин,  “Акыл тирек” сыйлыгынын, “Эң мыкты жаш окумуштуу – 2016” номинациясынын ээси Гульзат Сабырова, Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгисинин,  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси  Гүлүмкан Турганбаева, Бишкек шаарындагы №94 орто мектебинде башталгыч класстын мугалими, “Мыкты мугалим — 2017”, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын Ардак грамоталардын ээси Бүайша Назарбекова, Ат-Башыдагы Талды-Суу айыл өкмөтүндө кенже курактагы балдарды жамааттык деңгээлинде өнүктүрүү долбоорунун координатору, “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси, “Баатыр эне” Майрамкан Кукеева жана Бишкек шаарындагы №186 бала бакчасынын директору, билим берүүнүн мыктысы Дильнара Майгулаковалар Ардак грамота менен сыйланышты.

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

— Замира Акбагышева туруктуу позициясында турган айым. Көп жылдан бери аялдардын маселесинин үстүнөн иштеп келатат. Эл арасынан суурулуп чыккан мыктыларды сыйлап жатканы, албетте, мактоого арзыйт. Кырк жылдан бери балдар үчүн эмгектенип келатабыз. Ушул эмгегибизди баалаганы көңүлдү көтөрүп, бекер иштебептирмин деген ой жаратат экен, — дейт №186 бала бакчанын директору Дильнара Майгулакова.

Ал эми Бишкек шаарындагы №94 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бүайша Назарбекова үчүн бул күн эстес чыккыс болду.

АЯЛДАР – КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

— Кыргызстан боюнча алдыңкы атагы чыккан белгилүү аялдардын катарына чыгып, ардак грамота менен сыйланганыма абдан сүйүндүм. “Эмгектин үзүрү кайтат” деген сөзгө жооп алдым. Эң жоопкерчиликтүү Кыргызстан Аялдар конгрессиинин президенти Замира Акбагышевага, “Мугалим” журналынын шеф-редактору Гүлнара Алыбаевага терең ыраазычылык билдирем. 8-март — бардык энелердин, кыз-келиндердин майрамы, андыктан чын дилимен баарын майрамы менен куттуктайм. Ар бир аялзат мамлекеттин өнүгүшүнө күч берип тураарына ишенем, — дейт мугалим айым.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер