АВИАЦИЯ ИНСТИТУТУ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ БОЛО АЛАТ

  • 10.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Орто Азиядагы мааниси бар Кыргыз авиациялык институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр окуу жайда санариптештирүү жумуштары жакшы жолго коюлганына күбө болуп, жетекчиликтин бул жаатта алып барган ишине жогору баа берди.

Исаков башка жогорку окуу жайлар Кыргыз авиациялык институтунан үлгү алышы керектигин белгилеп, жумушунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ардак грамота тапшырды.

Кыргыз авиациялык институтунда Бирдиктүү терезе системасы иштейт. Студенттер ар түрдүү маалымкаттарды окуу жайдын сайты аркылуу онлайн алышат. 1,5 миңдей окуу китептери санариптештирилип, авиаинстутуттун электрондук китепканасына киргизилген. Окуу процесси толугу менен автоматташтырылган маалыматтык системасы менен жүрөт жана атайын түзүлгөн порталга 600 дисциплинанын окуу программалары, 180ден ашуун силлабустар, 260 глоссарий, 410 окуу-методикалык материал киргизилген.

Мындан сырткары аба кыймылын башкарууну имитациялоо үчүн атайын жабдуулар сатып алынып, керектүү программалар менен камсыздалган (келечектеги учкучтар жана диспетчерлер үчүн), студенттер акы төлөөнү атайын орнотулган терминалдардан жүргүзө алат. Ал эми окуу жайдын ичинде иш кагаздарын оптималдаштыруу максатында электрондук документ жүгүртүү толук кандуу ишке киргизилген.

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту жогорку билимдүү, ошондой эле кесиптик орто билими бар адистерди даярдоону жүзөгө ашырган, чакан, ошол эле учурда заманбап, стратегиялык мааниси бар жогорку авиациялык окуу жайы болуп эсептелинет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер