АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШ

  • 25.12.2018
  • 0

ОГПИнин Гуманитардык факультетинде орто билим берүү боюнча англис тили адистигинин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу кече болуп өттү.

Аталган жолугушуу учурда окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен байланышты бекемдеп, алар менен тыгыз иш алып баруу аркылуу окуу жайдын ишмердүүлүгүн түрдүү багытта алдыга жылдыруу максатында ректордун атайын тапшырмасынын негизинде уюштурулду. Жолугушууга жалпысынан жүзгө жакын ата-эне келип, алгач окуу жайдын чоң залында институтун жетекчилиги менен болгон жолугушууга жана студенттердин концерттик программасына күбө болушту.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШ

 

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШ

Мында институттун ректору, профессор Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, жалпы окуу жайдын ишмердүүлүгү, учурдагы абалы жана алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча кеңири  маалымат берди. Ошону менен бирге Гуманитардык факультеттин деканы Турсунмамат Абжалов өз сөзүндө, жолугушуунун максаты, актуалдуулугуна токтолуп, факультеттин ишмердүүлүгү менен ата-энелерди тааныштырып өттү. Жолугушууда уюштуруу тобу окуудагы, коомдук-маданий иштердеги алдыңкы студенттерди белгилеп, аларга факультеттин жана институттун ардак грамоталарын тапшырды.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШ

Жолугушуунун экинчи бөлүгү келген ата-энелердин окуу жайга болгон саякаты менен уланып, андан соң факультеттин жамааты менен ата-энелердин атайын отуруму болуп, мында студенттердин тарбиясын жакшыртуу жана билим сапатын жогорулатууга болгон маселелер боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Иш чаранын жыйынтыгында декан Т.Абжалов жалпы келген ата-энелерге ыраазычылык билдирүү менен  мындан ары тыгыз иш алып барып, кандай маселе болсо түз байланышка даяр экендигин белгилеп өттү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер