АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУ ТУУРАЛУУ АЧЫК СӨЗ

  • 09.03.2020
  • 0

Мектептердеги, өзгөчө шаар мектептериндеги мыйзамсыз акча жыйноолордун аягы тыялбай келет. Жакында «Акылдуу мектепке» жыйнайбыз дегени менен, ушундай чектен чыккан көрүнүш Таш-Көмүр шаарындагы №2 Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектепте катталды.

АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУ ТУУРАЛУУ АЧЫК СӨЗ

Эски, бирок олуттуу маселе

Мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноо маселеси бүгүн эле пайда боло калган жок. Ал эгемендүүлүктүн эң алгачкы күндөрүнөн бери биздин билим берүү системабызда тамыр жайып, өсүп-өнүп отурду.

Өзгөчө Акаевдин тушунда мыйзамсыз акча жыйноо күч алганы белгилүү. Башында борго, пол жуучу чүпүрөккө, класстык бөлмө менен мектеп ремонтуна деп жыйналса, кийин барып коопсуздук кызматкерлерине, ар кандай майрамдарга, майда-чоң иш-чараларга  чогултула баштады.

Коомдогу терс көрүнүштөр, ички миграция, жумушсуздук коомдо, анын ичинде мектепте коррупциялык көрүнүштөрдүн күч алышына алып келди. Борбордогу гимназия, лицей статусуна жетип алган мектептер ата-энелерден акча өндүрүүнүн ар кандай жолдорун ойлоп табышты. Мисалы ошол тушта кээ бир өзүн  «элиталык» деп эсептеген билим берүү мекемелери биринчи класска сынак аркылуу кабыл алып жүрүштү.

Мунун өзү  башкы мыйзам – Конституцияны көзгө илбегендик болчу. Ачык айтсак, ошол тушта бизде Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын макамдарын же Баланын укуктары тууралуу эл аралык конвенциянын нормаларын сактоо жөнүндө эч ким ойлогон жок. Коррупциялашкан коомдо бул көйгөйдү эч ким чечпейт болчу.

Көйгөйдү чечүүдөгү алгачкы аракеттер

Убакыт өтүп, мектептердеги мындай мыйзамсыз  акча жыйноо аракеттери эл көзүнө илине баштады. Теледен, радиодон ара-чолодо айтылып, мыйзамсыз акча жыйноо фактылары гезит беттеринде байма-бай жазылып турду.

Анткен менен, республикабызда алгачкылардан болуп түзүлгөн ата-энелер бирикмелери эң биринчи кезекте, чогултулган акчалардын ачыктыгын камсыз кылууга эмес, биринчи кезекте мектеп директорунун мыйзамсыз аракеттерин «мыйзамдаштырууга» багытталып түзүлгөндөй элес калтырат. Иш жүзүндө да ошондой болчу.

Ата-энелер комитетине дейбизби, ата-энелер фондуна дейбизби, жетекчиликке мектеп директорунун «айтканын айткандай, дегенин дегендей»  аткарган адамдар шайланып келгени азыр эч кимге жашыруун эмес. Директор алмашканда, фонддун жетекчиси да кайра шайланчу.

Айтылуу бир гимназиядагы фонд менен жаңы жетекчинин кармашына мен өзүм күбө болгом. Бул ызы-чуу көпкө созулганы эсимде. Фонддун төрагасы «ооруп жатам» деп үйүндө жатып алып, жыйынга келбегени аз келгенсип, берген отчётунда «паланча акчага 300 чака, 300 пол жуучу чүпүрөк, ашканага мынча сандагы стакан сатып алдык» дегенине күлгөнбүз. Анткени ошол эле залдагы мугалимдер мектепте отуз-кырктай кабинет болсо, анча сандагы шыпыргы, чаканын эмне кереги бар дешкен.

Ошол эле учурда  жаңы жетекчинин ата-энелер фондуна мен каалаганды шайлап бересиңер дегени бизге түшүнүксүз болчу.  Кийин түшүндүм. Көрсө мектеп директорлору тил алчаак ата-энелер менен иштегенди жактырышат экен.

Эми бул иште баары эле жаман болду деп айта албайбыз. ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору Ысык-Көл, Чүй жана Ош облусунунун айрым бир райондорунда  жан башына каржылоону жайылтууну көздөп,  долбоорго караштуу мектептерде Байкоочулар кеңештерин, ата-энелер бирикмелерин түзүү тууралуу бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзгөн.

Мен өзүм журналист катары ошондой иш-чаралардын бир тобуна катышкам.  Аламүдүн районундагы Лебединовка №1  жана ушул эле райондогу Карачал Табалдинов атындагы орто мектептеринде өткөн тренингдерден ата-энелер фонддорунун, Байкоочу кеңештеринин жетекчилери акча жыйноонун ачыктыгы, Банкта ачылган атайын эсеп менен иштөө, ар бир жарым жылда ата-энелерге аткарылган иштер, коротулган акча каражаттары тууралуу отчёт берип туруу тууралуу зарыл билимдерди алышкан.

Тилекке каршы, Бишкек менен Оштун мектептери пилоттук мектептерге кирбегендиктен, көп жылдар бою мындай зарыл билимдерден сырткары болуп келди.

Өкмөт эмне дейт?

Чоң-чоң шаарлардагы, тагыраак айтканда, Бишкек менен Оштогу мектептердеги орун алган мыйзамсыз акча жыйноо аракеттерине наары болушкан ата-энелер  өткөн жылдын 2-октябрында нааразылык акциясына чыгышты. Ошондо алар 2014-жылы, андан кийин 2017-жылы, эки жолу Билим берүү министринин мектеп жетекчилери менен мугалимдеринин акча жыйноого катышпоосу тууралуу буйругу чыкканын билдиришкен. Алардын айтуусунда, учурда мугалимдер акчаны жыйнабаганы менен,  бул ишти ата-энелер өздөрү жүргүзүүдө жана акча алып келбеген балдар депрессияга кабыл болууда.

— Өткөн жылы 30-сентябрда Билим берүү жана илим министринин мектептерде мыйзамсыз акча жыйноону токтотуу тууралуу буйругу чыккан. Канча жолу буйрук чыкканы менен эч нерсе өзгөргөн жок. Мугалимдер жыйнабаганы менен, ата-энелер жыйнап жатышат. Анткени аларга кысым көрсөтүлүүдө, — дейт ошондогу наарызылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Замира Мамбетова.

Өкмөттүн социалдык маселелер жаатын тейлеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын пикиринде өлкө мектептерине кошумча 3,7 миллиард сом зарыл. Анын айтуусунда,  учурда мамлекет ар бир мектепти эки эсеге аз каржылайт.

Бишкектин мектептери мамлекеттен 303 миллион сомдук кошумча каржылоого муктаж. Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлер кабинетинин башчысы Билим берүү жана Каржы министрликтерине бюджеттик каржылоо станддарттарын кайра карап чыгууну, башкача айтканда, ар бир мектепке бардык чыгымдарды жабууга канча сом кетерин так эсептеп чыгуу милдетин койгон.

Вице-премьер-министрдин сөзүнө караганда, ата-энелер чогултуп жаткан акчалардын суммасы да бирдей эмес. Кээ бир мектептерде ай сайын чогултулчу акча ай сайын 700 сомду түзсө, көпчүлүгүндө 300 сомго барабар. Айрымдарында мектеп фондунан сырткары, класстык фондго, мектептин ремонтуна өз-өзүнчө жыйналат.

Бирок баарынан кызыгы,  мындай ата-энелер бирикмелери борбор шаарыбыз Бишкек  менен Оштун бардык мектептеринде, Чүй облусунун айрым мектептеринде гана бар. Калган 98% аймактарда мындай фонддор дээрлик жокко эсе.

— Мектеп жетекчилери каржылык жактан автономдуу болушу керек. Алар  мугалимдердин айлыгына канча, окуу жана башка чыгымдарына канча кетерин так эсептеши зарыл. Биз 2023-жылга чейин билим берүү тармагына жетпей жаткан сумманы табабыз.  Ошентип отуруп, акырындык менен бүтүндөй өлкө боюнча ата-энелер фонддорунун ишин токтотобуз, — дейт ал.

Жаңы платформаны уктуңузбу?

Маселенин мыйзамдык жагын карасак, мектеп мугалимдери да, мектеп жетекчилери да мыйзам боюнча ата-энелерге мектепке каржылык жардам көрсөткүлө деп кайрыла алышпайт экен. «Прецедент» юридикалык компаниясынын юристи Бекболот Касаболотовдун пикиринде буга мыйзам жол бербейт. Анын оюу боюнча  бул ишти мектепте 2014-жылдагы Камкорчулар кеңешинин иши тууралуу мыйзамга таянуу менен, ата-энелердин мыйзамдуу коомдук бирикмелери аткарууга тийиш.

— Негизи Камкордук кеңеши чогулта турган акчага мектеп мугалимдери кийлигише алышпайт. Мугалим ата-энеден акча бер деп да талап кыла албайт. Ремонт кылганга катышып кеткиле деп да айта албайт. Бул мыйзамсыз. Муну Камкордук кеңешинин мүчөлөрү аткарышы керек,- дейт ал «Клоопко» берген жообунда.

Буга улай өткөн өткөн жумада Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплексинде ата-энелер фондуларынын ишине байланышкан жаңы платформа талкууга алынды.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абасбек уулунун айтуусунда, министрлик иштеп чыккан модуль, баарынан мурун ата-энелер фонддорундагы акча каражаттарына толук өлчөмдө көз салууга мүмкүндүк берет.

— Бул модуль –түшкөн акча каражатарына көз салуунун эң ишенимдүү инструменти. Ар бир ата-эне, ар бир кызыккан адам модуль жайгашкан «Мектепке электрондук катталуу» сайтына, ошондой эле мектептердин өздүк сайттарына кирип, ата-энелерден түшүүчү акчанын суммасынан, сарпталышынан кабар алып турат. Бул жерде өз сунуштарын да калтырса болот, -дейт Расул Абасбек уулу.

А.Алибеков, «Кут Билим»  

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер