АТ-БАШЫДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ АРАСЫНДА  СЫНАК ӨТТҮ

  • 09.11.2023
  • 0

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында “Башталгыч билим берүүдө көрсөтмө куралды колдонуунун технологиясы”  аталышында мугалимдер арасында сынак болуп өттү. 

АТ-БАШЫДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ АРАСЫНДА  СЫНАК ӨТТҮ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын берген маалыматына таянсак, сынак Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Социалисттик эмгектин баатыры Апыш Койчумановдун 100 жылдыгына карата С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.

Анын максаты — Социалисттик эмгектин баатыры Апыш Койчумановдун башталгыч билим берүүдөгү үзүрлүү ишмердүүлүгүн даңазалоо  менен бирге башталгыч мектепте көргөзмө куралдарды колдонуу боюнча тажрыйбаны кеңири жайылтуу.

Анда Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы районунан жана Нарын шаарынан болуп, жалпы жети мугалим күч сынашты.

Биринчи этапта 100гө чукул мугалим көргөзмө куралдарды жасап, катышса, кийинки этапка болгону жетиси өткөн.

Экинчи этабында тандоо кагазы менен класстарды тандап алып, 30 мүнөт алдын ала даярданып келген темада ачык сабак өтүштү. Окуучуларды активдүү катыштырып, мыкты даярдык менен өткөн төрт мугалимге кийинки турга жолдомо берилди.

Үчүнчү этапта жасап келген өзгөчө көргөзмө куралдарды колдонуп, окуучуларды кызыктыруу менен теманы кенен түшүндүрүү тапшырмасы берилген.

Сынакта атайын комиссия дайындалып, алар ар бир катышуучунун сабагына катышты. Сынак ачык-айкын жүрүшү үчүн видео менен түз көрсөтүү уюштурулган.

Сабактын ар бир жүрүшүн комиссия баалап, мыктыларды аныкташты. Жыйынтыгында гран-приге Ак-Талаа районунан келген Сайра Ашыркожоева жана Кочкор районунан катышкан Саламат Үсөналиева татыды.

1-орунду Эмилбек кызы Мээрим жана  Дүйшекеева Таалайкүл ээледи.

Активдүү катышкандар: Ат-Башы районунан катышкан Мурзабек кызы Жазгүл, Нарын районунан Аликова Бактыгүл,  Нарын шаарынан Мубарек Ашымжанова болду.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылса, жалпы катышуучуларга белектер ыйгарылды.

Сынактын катышуучулары жасап келген көргөзмө куралдарын Апыш Койчумановдун музейине белек кылышты.

Иш-чаранын соңунда концерттик программалар тартууланып, сынактын уюштуруучуларына Ыраазычылык каттарын тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Апыш Койчуманов Кызыл-Дыйкан орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп, алты миңден ашык көргөзмө куралдарды жасаган. Ал көргөзмө куралдары өзүнүн музейинде азыркыга чейин сакталып келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер