АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ
- 04.07.2023
- 0
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров «Алтын сертификат», «Алтын тамга», Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 баллдан жогору алган жана предметтик олимпиададан орун алган окуучуларды куттуктады.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын тараткан маалыматы боюнча, район башчысы билим алуу ийне менен кудук казган сыңары, окуучуларды мындан ары билим алуусунда талыкпастан алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштаарына тилектеш экенин билдирип, резервдик фондусунан акчалай сыйлык берип, андан тышкары ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйлап, окуучуларга мотивация берди.
Эске салсак:
Назарова Гүлайым 226 балл — «Алтын сертификат»
Жалпы Республикалык тестте 200 баллдан жогору алган окуучулар:
- Адиль кызы Нуржаз 201 балл, Н.Үсөналиев о.м.
- Райымбеков Азамат 208 балл, Н.Үсөналиев о.м.
- Эсенгулова Малика 209 балл, Жаналы у Абдрахман о.м.
- Нурланова Аманда 217 балл, Карыбек уулу Акматаалы о.м.
- Асанова Мелина 213 балл, Карыбек уулу Акматаалы о.м.
- Медербек кызы Азиза 205 балл, Карыбек уулу Акматаалы о.м.
- Бейшеналиев Нурзирек 217 балл, Карыбек уулу Акматаалы о.м.
- Нааматова Айдана 216 балл, К.Карпеков о.м.
- Исаков Эмир 204 балл.
«Предметтик олимпиада» республикада 3-орун, физика сабагы А.Искендеров о.м.
«Алтын тамга» артыкчылык күбөлүгүнө ээ болгон окуучулар:
- Таалайбекова Адинай, Карыбек у. Акматаалы о.м.
- Төрөбекова Алима, Карыбек у. Акматаалы о.м.
- Коногалиева Баян-Сулуу, К.Кермалиев о.м.
- Абдырасулова Айжан, К. Кермалиев.о.м.
«Сыйлык жалкы, сыймык жалпы» демекчи, бүтүрүүчүлөргө ак жол!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер