АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ
- 31.01.2023
- 0
2023-жылдын 28-январында Ат-Башы районунун Казыбек айылында 120 орундуу «Казыбек Жеткинчек» балдар бакчасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Садыкова катышып, каалоо-тилектерин билдиреп, демөөрчүлөргө рахматын айтты.
Иш-чаранын алкагында айыл аксакалдары тарабынан каалоо-тилектер айтылып, чакан концерттик программа менен коштолду.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыров өз сөзүндө мектепке чейинки билим берүү заманбап имараттарынын салынышы, жеткинчек балдардын өсүшүндө жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер