АТ-БАШЫ РАЙОНУ МЕНЕН ЖАПОН КОМПАНИЯЛАРЫ КЫЗМАТТАШУУДА
- 30.10.2025
- 0
26-октябрда Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров Япониядан келген ишкерлер менен жолугушту.

Маалыматка таянсак, жолугушууга “Ниппон травел агентигинин” компаниясынын директору Наоки Баба, Кыргыз-Япон институтунун директору Асано Тетсуя жана Япон таануу институтунун директору Самаров Айбек катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Япония тарап Ат-Башы жергесиндеги “тарыхый” жайларга (Таш-Рабат, Кошой-Коргон жана Кел-Суу, Көл-Тетири) керемет жайларга кызыгуулары абдан жогору экендигин билдиришти, эки тарап атайын туристтик маршруттарды макулдашып, бул багыттарда кызматташуунун келечектүү ойлорун ортого салып, алдыга максаттарды мерчемдешти.
Япон өлкөсүнүн инвесторлору менен биргеликте бир топ келечектүү долбоорлор ишке ашууда. Бүгүнкү күндө япон тилин үйрөнүү боюнча атайын Япон борбору иштеп жатат. Ошондой эле чычырканак, карагат өстүрүү багытында да биргелешкен долбоор түзүлүп плантация уюшулган.
Эки тараптуу кызматташтык уланат!
Г.А., “КБ”
Комментарийлер