Аскар МАМБЕТАЛИЕВ, Венгриянын Панония университетинин докторанты: “ЕВРОПАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ АЛДА КАНЧА АЛДЫГА КЕТИПТИР”

  • 31.01.2019
  • 0

Венгрия 2006-жылдан бери кыргызстандыктарга Stipendium Hungaricum Scholarship Programme стипендиялык программасы боюнча жогорку окуу жайлардан бакалавр, магистратура жана докторантурада билим алуу үчүн гранттык орундарды бөлүп келет. Учурда 2019-2020-окуу жылы үчүн талапкерлерди тандоо жүрүүдө. Каалоочулардын өтүнмөсү  15-январга чейин он-лайн режиминде «Темпус» коомдук фондунун сайтында кабыл алынып, учурда КР Билим берүү жана илим министрлигинде документтер топтолууда.  Былтыр Венгрияга бул программа менен 27 кыргызстандык кеткен. Алардын арасында Аскар Мамбеталиев да бар. Ал Панония университетине докторантурага өткөн. Жарым семестр окуп, жакында эле илимий ишин жазуу үчүн Кыргызстанга келди.  Учурдан пайдаланып Аскар Мамбеталиев менен Венгриядан билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маектештик.

Аскар МАМБЕТАЛИЕВ, Венгриянын Панония университетинин докторанты: “ЕВРОПАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ АЛДА КАНЧА АЛДЫГА КЕТИПТИР”

— Аскар агай, алгач сөздү Венгрияга кандайча барып калганыңыздан баштасак.

— Былтыр Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги менен  Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы келишимдин негизинде Венгриянын жогорку окуу жайларына бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча гранттык орун бөлүнүп, ага тандоо үчүн сынак жарыяланган. Мен ошол сынакка катышып, эң көп упай топтоп өтүп кеткем. Азыр бир семестрди бүтүрүп келдим. Ал жактан венгр тилин окуп жатабыз, көп тилдүүлүк боюнча докторлук ишимди жазып жатам.

— Венгриянын билим берүү системасынан кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?

— Азыр мезгил менен тең жарышып, замандан артта калбайм десең сөзсүз Европадан билим алыш керек экен. Себеби Европа КМШ өлкөлөрүнө караганда алда канча алдыга кетиптир. Биринчиден, бизде билим берүү методикасы такыр башкача болсо, экинчиден, саясий, коомдук илимдерден: антропология, социология, психологиядан такыр эле артта калыптырбыз.

Европада окутуучулар, профессорлор бизге окшоп бир жерде отурбайт,  мобилдүү экен, башкача айтканда, бир жерде иштешпейт. Алар бир күнү Англияда, экинчи күнү Германияда, үчүнчү күнү дагы башка мамлекетте лекция окуйт. Мисалы, бир профессор Венгрияга Англиядан учак менен учуп келет, мейманканага жатат, сабак өтүп коюп кайра башка мамлекетке кетип калат. Аларда поезддин, учактын билети укмуш арзан.  Азыр мени менен докторантурада окугандардын экөө Германиядан, бирөө Австриядан, бирөө Нидерландиядан, дагы бирөө Шотландиядан, алар зарыл болгон кезде келип-кетип жүрө беришет. Негизи докторантурада күндө окубайт, бир профессор бир күнү келет дагы бир күндө курсту ачып, темасын түшүндүрүп, кандай адабияттарды окуу керектигин айтып, тапшырма берип коюп төрт айга кетип калат. Биз ошол төрт айдын ичинде берилген тапшырамалар боюнча окуп бүтүшүбүз керек. Бүтүрбөсөк кредит албай калабыз. Бизде кредит дегендин аты эле болбосо, маңызы жок. Европада андай эмес, талап да күчтүү, каалоо дагы күчтүү.

Ал эми студенттердики бир аз башкача. Мен ал жакта жатаканада жашадым. Ошол жактан  италиялык анан германиялык эки кыз, Өзбекстандан келген бир бала менен тааныштым. Өзбек бала “булар бизди окутпайт, сабагына деле барбайм” дейт. Анын ою боюнча окутуучулар күнүгө мээсине куюп  окутушу керек экен. А тигил италиялык кыз менен сүйлөшсөм “булар окуганды билишпейт, өзүн башкара алышпайт, убактты туура пайдаланганды билишпейт” дейт. Немис кызы болсо үч  поршендүү автоунаанын иштөөсү деген илимий ишинин үстүндө баш көтөрбөй эле иштеп жатат.  Көрдүңүзбү, бул жакта эки көз караш кагылышып жатат.

— Венгриядан, деги эле чет мамлекеттен билим алуунун кандай жолдору бар экен?

— Венгрия болобу, Европанын дагы башка мамлекетинде болобу билим алам деген бала сөзсүз түрдө чет тилдерин, өзгөчө англис тилин билиши керек. Антпесе ал жактан билим ала албайт. Менин докторлук ишимдин темасы дагы мультилингвизм деп аталат.  Азыр европалык союзга кирген ар бир өлкөдө  окуучу кеминде үч тил билиши керек деген талап бар. Аларда биздегидей мамлекеттик тил, расмий тил деген жок. Европалык союзда жыйырма тил бирдей статуста. Акыркы изилдөөлөргө караганда,  эки-үч тилде сүйлөгөн бала бир тилди билген балага караганда алда канча  акылдуу болот экен. Ошондуктан ал жакта акыркы он жылда көп тилдүүлүккө болгон мамиле таптакыр өзгөрүптүр. Эгерде биздин балдарды дагы европалыктардан артта калбасын десек, сөзсүз түрдө орус тили менен катар англис тилин дагы окутушубуз керек. Себеби бир тил билген балдарыбыз өзүнүн казанында өзү эле кайнап, дүйнөгө болгон көз карашы анчейин өнүкпөй калат. Ошондуктан менимче, азыр биз биринчиден, англис тилин расмий тил катары кабыл алышыбыз керек. Муну Казакстан дагы киргизди. Мунун кыргыз тилин сактап калууга дагы жардамы тиет. Себеби англис тили киргизилсе орус тилине тоскоол болуп, баланс сакталат. Эки тил кармаша берет, биз өсө беребиз. Антпесек бизде орус тили үстөмдүк кылып жатат. Ал кыргыз тилинин жоголушуна алып келет. Ошондуктан  эгерде кыргыз тилин сактап калабыз десек англис тилин киргизишибиз керек.

Мен ушул боюнча изилдөө жүргүздүм. Мисалы, орус тилин билсең Россияга гана чыга аласың, ал жактан дагы мамлекеттик жумуштарда эмес кара жумуштарда гана иштей аласың же болбосо Кыргызстанда бир мамлекеттик органда отурасың. Бирок биз буга умтулбашыбыз керек.  Эгерде алыска кетем десең сөзсүз англис тилин билүү керек. Анткени англис тилинин ресурстарын орус тилиники менен салыштырып болбойт.  Дүйнөнүн баары англис тилинде сүйлөйт.

  • Демек, тил билмейинче Венгриядан билим алуу мүмкүнчүлүгү жок экен да?
  • Албетте, эң биринчи англис тилин билиши керек. Венгр тилин билсе андан жакшы. Негизи аларда венгр тилин билүүгө болгон талап катуу. Биз дагы венгр тилин окуп жатабыз. Венгриянын шаарларынын көчөлөрүндөгү жарнактар, массалык маалымат каражаттарынын баары венгр тилинде. Кыргыздар үчүн венгр тилин үйрөнүү жеңилирек экен, себеби тилибиз окшоп кетет.

Экинчиден, ал жактан жогорку билим алуу үчүн сөзсүз түрдө стипендия менен эле эмес, өз алдынча деле экзамен тапшырып кете берсе болот экен.  Жанакы мен жогоруда айткан өзбек бала стипендиясы жок эле, өзүнүн жолу менен барыптыр. Ал кечкисин иштейт, күндө эмес, бир жумада үч күн эле. Ошол үч күндө тапкан акчасы жатаканасына, окуусуна төлөгөнгө жана башка бардык чыгымдарына жетет. Ал тургай Щвецияга чейин барып келди. Ошол бала Венгриядан билим алыш үчүн өзүнө тиешелүү жер тилкесин сатып туруп келген экен. Иштеп акча чогултуп кайра жер тилкесин сатып алыптыр. Ал тургай эми Германияга кетем дейт. Анткени ал жакта окуу акысыз, эмгек акысы жогору экен. Ал аыйлдык бала англис тилин орусчага караганда жакшы билет экен. Ал бала англис тилин интернеттен эле үйрөнүп алыптыр. Сөздүк запасы күчтүү. Мындайды биринчи жолу көрүшүм. Ошондон улам эң негизгиси мотивация болсо эле үйрөнөт экен деп калдым.

Мен өзүм биринчи барганда тартынып, туура эмес сүйлөп аламбы деп сүйлөбөй эле отура берчүмүн. Алты айдан кийин карасам мен эле эмес башкалар деле ката сүйлөйт экен. Анан өзүмдү өзүм тарбиялап, аракет кыла баштадым. Көрсө, баарлашуу менен гана тилди үйрөнүүгө болот экен. Бизде болсо грамматиканы эле окута берет. Венгриянын методикасы көбүнчө коммуникативдүү. Бала бакчадан баштап сүйлөшүүгө, баарлашууга көп көңүл бурушат. Жадатма лекциядан качышат. Аларда мотордук системаны иштеткенге  басым жасалат. Джон Дьюи деген америкалык окумуштуу “lerning by dyoing” деп коет, ал жазаганды үйрөнөм дегенди түшүндүрөт. Бизде болсо отургузуп алып эле бир нерсени мээге куя беришет. Андан  балдар жадап, чарчап, качып калышат.

 

Аскар МАМБЕТАЛИЕВ, Венгриянын Панония университетинин докторанты: “ЕВРОПАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ АЛДА КАНЧА АЛДЫГА КЕТИПТИР”

Быйыл кыргызстандыктар үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан төмөндөгү

багыттар боюнча орундар каралды:

  • Бакалавриат – айыл чарба, коомдук илимдер, маалыматтык технологиялар, экономикалык илимдер, инженерия, табигый илимдер, спорт жана мамлекеттик кызмат.

  • Магистратура – айыл чарба, коомдук илимдер, маалыматтык технологиялар, экономикалык илимдер, инженерия, табигый илимдер, спорт жана мамлекеттик кызмат.

  • Докторантура — бардык багыттар.

 

 

Венгриянын  ондукка кирген алдыңкы

жогорку окуу жайлары

Аскар МАМБЕТАЛИЕВ, Венгриянын Панония университетинин докторанты: “ЕВРОПАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ АЛДА КАНЧА АЛДЫГА КЕТИПТИР”

  1. Семелвей медициналык университети  ( 1769-жылы негизделген). Бул окуу жай Венгриянын эң эски медициналык окуу жайы. 30 жылдан ашуун убакыттан бери чет мамлекеттерден келген студенттерди кабыл алып келет. Окутуу венгр жана  немис, англис тилдеринде жүргүзүлөт. Жалпы медицина, фармакология, стоматология,  дене тарбия факультеттери бар.
  2. Печ университети (1367-жылы негизделген). Бул окуу жайда медицина, инженерия, ишкердик жана экономика, табигый жана гуманитардык илимдер, юриспруденция, музыка, көркөм искусство, башкаруу жана менеджмент боюнча адистер даярдалат. 30 миңден ашуун студенти бар.
  3. Дебреценск университети  (1538-жылы негизделген). Ишкердиктин негизи, инженерия, филология негизинен  англис тили,  IT-багыттары боюнча окуган 32 миңден ашуун студентинин эки миңден ашууну чет элдиктер.
  4. Сегед шаарынын университети (1880-жылы негизделген). Окуу жайдын базасында педагогика жана юриспруденцядан баштап стоматология жана айыл чарбасына чейин түрдүү багыттар боюнча 12 факультет  бар. Университетке Пискештете байкоочу станциясы таандык.
  5. Корвина университети. Бүгүнкү күндө жети факультетте 17 миңден ашуун студент экономика, ишкердик, мамлекеттик башкаруу, ландшафтык архитектура, социология, айыл чарба багыттары боюнча билим алат. Башкы корпусу Дунай жээгинде жайгашкан, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

 

  1. Лоранд Этвеш атындагы Будапешт гуманитардык илимдер университети  (1635-жылы негизделген). Бул окуу жайда чет мамлекеттен келген студенттер көп окуйт. Сегиз факультетте: социалдык, так жана гуманитардык илимдер, информатика, педагогика, психология, укук жана саясат таануу илимдери, башталгыч мектептин педагогикасы билим берилет.  Медицина жана теология факультеттери өзүнчө институтттарга бөлүнгөн.
  2. Будапешт Борбордук-Европалык университети. Дүйнөнүн чар тарабынан студенттерди кабыл алган белгилүү эл аралык окуу жай. Бул жакта билим алгандар Жорж Сорос фондунан акчалай жардам алышат. Профессордук-окутуучулук курамы отуздан ашуун мамлекеттин алдыңкы окуу жайларынын алдыңкы  профессорлорунан турат. Университет америкалык жана британиялык университеттер менен кызматташкандыктан дароо эки диплом берет. Ошондуктан бул окуу жайын аяктагандар СШАдан, Англиядан жумушка тез орношушат.

Андан кийинки орунда Будапешт  технология жана  экономика университети, Көркөм академиясы жана Музыка академиясы турат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер