И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

  • 25.05.2018
  • 0

Өткөн кылымдын орто ченинде түптөлгөн алдыңкы окуу жайлардын бири. Ордо шаарыбыздын борборунда жайгашкан университеттин учур талабына жооп бере турган алты окуу имараты бар. Университетте 1000ге жакын профессордук-окутуучулар курамы, алардын ичинде 300дөн ашуун илимдин докторлору жана кандидаттары ийгиликтүү эмгектенишет. Азыр университетте 10 000ден ашуун студенттер билим алышууда. 260 докторанттар жана аспиранттар квалификациясын жогорулатууда.

И. Арабаев атындагы КМУ магистрдик программаны өнүктүрүүнү максат кылат. Азыркы күндө университетте 865 магистрант окуп жатат.

Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү билим берүү окуу жайларынын, мамлекеттик мекемелердин, илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, жеке менчик ишканалардын жана  башка   тармактардын алдыңкы кызматкерлери катары өз билимдерин практикада үзүрлүү пайдаланып келишүүдө.

                             Академиялык турмуш

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жогорку квалификациялуу адистерди; бакалавр, магистр, аспирант, докторанттарды  даярдайт. Университетте 79 багыт боюнча окутуунун төмөндөгүдөй формалары бар:

  • Күндүзгү окутуу — окуу мөөнөтү: бакалавр — 4 жыл, магистр — күндүзгү-2 жыл, сырттан-2,5 жыл;
  • Сырттан — дистанттык — окуу мөөнөтү 5 жыл;
  • Колледж;
  • Гимназия-Лицей.

КР ББИМнин буйругу менен И. Арабаев атындагы  КМУнун алдында педагогикалык билим берүү багытындагы окуу-методикалык бирикме иштейт, “бакалавр” жана “магистр” программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандарты түзүлгөн.

                                        Эл аралык турмушу

2011-жылы ректор Т. А. Абдырахманов Италияда университеттердин УЛУУ ХАРТИЯ макулдашуусуна кол койгон, бул макулдашуунун  негизинде биздин диплом менен чет өлкөдөн билимин улантууга мүмкүнчүлүктөр бар. И.Арабаев атындагы университеттин дүйнөнүн 50дөн ашуун алдыңкы университеттери менен эки тараптуу келишимдери бар, ошондой эле университет ШКУ(ШОС) Университетинин  “Педагогика” багыты боюнча мүчөсү.

И. Арабаев атындагы КМУ чет өлкөдөн келип окуган студенттердин саны боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ичинде алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Бүгүнкү күндө университетте 670 чет өлкөлүк студент билим алышууда. Ошол эле мезгилде биздин университеттин студенттери  Россияда, Кытайда, Японияда, Германияда, Францияда, Иранда, Түштүк Кореяда, Түркияда, Египетте билим алышууда.

                         Илим-изилдөө иштери

Университетте окуу процессинен сырткары  сапаттуу илим-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Жаңы техника менен жабдылган 20дан ашык лабораториялар, глобалдык интернетке туташтырылган компьютер, мультимедиялык класстар иштейт.

Университеттин илимий китепканасы биздин чоң сыймыгыбыз. Анда маалыматтык борбор, миллиондон ашуун китеп фонду, автоматташтырылган библиотекалык комплекс менен коштолгон интернет зал, электрондук каталогго эркин чыгуучу интернет база жайгашкан.

                        Жаштар саясаты жана спорт

Университеттин жогорку деңгээлдеги спорттук базасы: 2 спорт залы, күрөш, бокс, чыгыш күрөшү, шейпинг, тренажер залдары, кичи стадиондор жана теннис корту, футбол ж.б спорттук аянттары бар.

Университеттин тандалма командалары ЖОЖдор аралык мелдештерге активдүү катышышып, эң мыкты  командалардын катарында жүрөт. Биздин студенттер Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү катары эл аралык мелдештерде Республикабыздын намысын коргоп, даңкын чыгарып келе жатышат.  Ошондой эле КМУнун базасында профессионалдык волейбол клубу негизделген.

Маданий-массалык иштер

Студенттер университеттеги уюштурулган ийрим, студия, клуб жана КВНге активдүү катышышып, өздөрүнүн билимин, дүйнө таанымдарын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  Университетте конкурстар, фестивалдар жана студенттик уюмдардын өздүк көркөм кароо сынактары ар дайым өткөрүлүп турат.

                                        Студенттерге каралган шарттар

  • Бишкек шаарында турак-жайы жок студенттер үчүн жатакана берилет.
  • Мыкты окуган активдүү студенттерге, томолой жетим жана майыптарга окуу төлөмдөрүнө жеңилдиктер берилет.
  • Мыкты окуган студенттер (балдар учун) аскер кафедрасында даярдыктан өтүүгө мүмкүндүк алышат.

Университеттин курамы

  1. Мамлекеттик тил жана маданият институту
  2. Манас таануу институту
  3. Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту
  4. Экономика жана менеджмент институту
  5. Япон таануу институту
  6. Биология жана химия факультети
  7. Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети
  8. География, экология жана туризм факультети
  9. Гуманитардык билим берүү факультети
  10. Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети
  11. Лингвистика  факультети
  12. Педагогика факультети
  13. Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар  факультети
  14. Көркөм маданият жана  билим берүү факультети
  15. Дене тарбия бөлүмү
  16. Колледж
  17. Теологиялык колледж

                                     

                                 Мамлекеттик  тил жана  маданият  институту:

             (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Кыргыз тили  жана адабияты;
  • Мамлекеттик тил  кыргыз  тилинде  окубаган билим берүү  мекемелеринде;
  • Журналистика;
  • Котормо жана  котормо таануу; күндүзгү
  • Китепкана таануу жана документ таануу.

Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо   

                                            институту:

Атайын-орто жана жогорку билимдин базасында сырттан жана дистанттык окутуу:

  • Табият таануу-математикалык бөлүм:
    • Биология; — Математика;
    • Информатика; — География;
  • Гуманитардык бөлүм:
  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили жана адабияты;
  • Тарых; — Социалдык кызматкер;
  • Уюштуруу менеджменти;
    • Китепкана таануу; — Кол өнөр искусствосу.
  • Педагогика бөлүмү:
  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Баштапкы билим берүү; — Логопедия.

Экономика  жана  менеджмент  институту:

  • Менеджмент; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Экономика. күндүзгү/сырттан-дистанттык

Япон таануу  институту:

  • Аймак таануу; күндүзгү
  • Мейманкана иши. күндүзгү

Биология жана химия факультети:

  • Биология; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Химия. күндүзгү/сырттан-дистанттык

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети:

  • Коомчулук менен байланыш-Жарнама; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Аймак таануу; күндүзгү

*Кытай тили              *Перс тили

*Япон тили                *Корей тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили 

  • Эл аралык мамилелер; күндүзгү

*Кытай тили              *Перс тили

*Япон тили                *Корей тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили                                                  

  • Журналистика; күндүзгү/сырттан-дистанттык

*Кытай тили              *Корей тили

*Япон тили                *Англис тили

  • Филология ; күндүзгү

*Кытай тили              *Корей тили

*Япон тили                *Перс тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили

  • Которуу жана котормо таануу; күндүзгү

*Кытай тили             *Япон тили

*Корей тили              *Перс тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили

География, экология жана туризм факультети:

   (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • География; — Сервис;
  • Экология жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу.

Гуманитардык билим берүү  факультети:                      

 (күндүзгү/сырттан-дистанттык)
  • Орус тили жана адабияты;
  • Теология;     — Психология;
  • Салык жана салык жыйноо.

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү   факультети:

            (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых, коом таануу);
  • Социалдык кызмат.

Лингвистика факультети:  (күндүзгү)

  • Лингвистика (Англис, Немец, Япон, Кытай тилдери);
  • Филологиялык билим берүү (Англис жана немец тили);
  • Компьютердик лингвистика.

 Манас таануу факультети:

  • Манас таануу. күндүзгү/сырттан-дистанттык

Педагогика факультети:

 (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Башталгыч билим берүү;
  • Мектепке чейинки билим  берүү;     — Логопедия;
  • Сурдопедагогика; — Олигофренопедагогика.

Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Математика; — Физика;
  • Информатика;  — Прикладдык информатика.
  • Информатика жана эсептөө техникасы;
  • Информациялык системалар жана технологиялар.

Көркөм  маданият   жана  билим  берүү  факультети:

              (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Көркөм сүрөт жана музыка бөлүмү;
  • Дизайн; күндүзгү
  • Адистик окутуу;
  • Костюм жана текстил искусствосу;
  • Технологиялык билим берүү.

                                      МАГИСТРАТУРА:

                        (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Филологиялык билим берүү;
  • Филология;       —  Биология;
  • Менеджмент;         —  Педагогика;
  • Психология;      —  Аймак таануу;
  • Социалдык – экономикалык жана гуманитардык билим берүү;
  • Физика-математикалык билим берүү;
  • Табигый билим берүү;     — Теология;
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу;
  • Компьютердик лингвистика;
  • Социалдык иш;   — Экономика;
  • Колдонмо информатика;
  • Технологиялык билим берүү;
  • Көркөм билим берүү.

                               КОЛЛЕДЖ:

  • Укук жана социалдык камсыздандырууну уюштуруу; күндүзгү/сырттан
  • Экономика, бугалтердик эсеп жана көзөмөл; күндүзгү/сырттан
  • Тигүү иштериндеги моделдештирүү жана конструкташтыруу;
  • Башкаруу жана маалыматтардын автоматтык системасын иштеп чыгуу;
  • Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо; күндүзгү/сырттан
  • Прикладдык информатика;
  • Дизайн;
  • Салык жана салык жыйноо; күндүзгү/сырттан
  • Туризм; күндүзгү/сырттан
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу;
  • Мектепке чейинки билим берүү; күндүзгү/сырттан
  • Баштапкы класстарга сабак берүү; күндүзгү/сырттан
  • Адистик окутуу.

                         ГИМНАЗИЯ-ЛИЦЕЙЛЕР

  • Чыгыш тилдер гимназиясы – күндүзгү
  • Гуманитардык лицей – күндүзгү
  • География, экология жана туризм лицейи – күндүзгү

 

Окууга  тапшырууга төмөнкү   документтер талап кылынат:

  • Ректордун наамына    арыз;
  • Паспорт же туулганы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Окууну бүткөндүгүн күбөлөндүргөн аттестаттын же дипломдун түп нускасы;
  • Окуучунун өздүк китепчеси (лицей үчүн);
  • Жашаган жеринен маалымдама (лицей үчүн);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • Документтерди өткөрүүдө абитуриент паспортун же аны күбөлөндүргөн документти, аскер жашындагылар аскердик билетин көрсөтөт.

                                                                                 Университеттин Дареги:                  

                                                   720020,  Бишкек шаары,  Раззаков көч. 51.

                                                                             И. Арабаев атындагы КМУ 

                                                                  Тел.: 66-03-47; 62-31-52; 66-19-06.

                                                                                                 [email protected]

     

 

Бөлүшүү

Комментарийлер