АПАМА СУНАМ ЫР ДЕСТЕ

  • 07.03.2023
  • 0
АПАМА СУНАМ ЫР ДЕСТЕ

Кенжегүл Кыдыкова Каракол шаарындагы №11 гимназия-мектебинин башталгыч класстарынын мугалими

 

 

Тарбиялык саат

Сабактын темасы:       Апама сунам гүл десте

Сабактын максаты:

1) Апа — бул эң улук экенин,

Түшүнүп, маанисин билели.

Ардактап апанын кадырын,

Ааламга жар салып жүрөлү.

2) Сөздөрдүн маанисин түшүнүп,

Ойлорду кенен талдайлы.

Жекече иштөөгө көнүгүп,

Көркөмдөп ырларды айталы.

3) Биз үчүн эң ыйык адам бул,

Апанын кадырын билели.

Апанын ак сүтүн актап биз,

Аларды ардактап сүйөлү.

 

Сабактын тиби:  билимдерди бышыктоо сабагы.

Сабактын формасы: ыр-сабак.

Сабактын усулу: түшүндүрүү, аңгемелешүү, көркөм айтуу.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, видео-ролик, ырлар.

Сабактын жүрүшү:

Саламдашуу.

Мугалим: Саламдашуу салт экен элибизде,

Тынчтык болсун ар дайым жерибизде.

Саламдашып сабакты биз баштайлык,

Саламдашуу дем болсун ар бирибизге.

Жагымдуу маанай.

Мугалим:  Карачы, жаркыраган, тийген күндү!

Нурлары – кандай мээрим, бир сүйкүмдүү!

Жылмаюу тартуулайлы ар бирибиз,

Жарк этип, мээрим чачкан күн сыяктуу.

(Окуучулар бирин-бири карап жылмаюу тартуулашат)

Жаңы тема:  Апама сунам гүл десте.

Мугалим:  Айлана теребел салтанат,

Мына эми ыр-сабак башталат.

Жаз келди, майрамды жетелеп,

Апалар майрамын куттуктап!

Мугалим:  Апа ким?       Ал — ай, асманда күйүп турган,

Караңгыда айлананы жарык кылган. (1-окуучу)

Апа ким?       Ал — күн, асманда тийип турган,

Мээримин баласына берип турган. (2-окуучу)

Апа — бул улук адам, баардык заттан бийик турган. (хор айтышат)

Мугалим:  Апалар үйдүн куту, пейили кенен,

Апалар бала үчүн жашап келген.

Баласы ооруп калса коркуп кетет,

Аянбай жүрөгүн да берем деген.

Мугалим:  — Келгиле, көңүлүбүздү видео-роликке буралы. (видео-ролик көрсөтүлөт)

Мугалим:    Бүгүн бизде чоң майрам,

Апалардын майрамы.

Биз аларды куттуктап,

Ыр айталы жайдары.   (балдар апалар жөнүндө ыр саптарын айтышат)

Мугалим:    —  Рахмат, балдар! Азаматсыңар!

Апалар асыл зат экенин,

Айттыңар эң күчтүү сөз менен.

Апалар эң назик экенин,

Теңедик жыпар жыт гүл менен.

Окуучу кыз:  Айым апам, күнүм апам, ардагым,

Сиздей жанды эч бир жерден таппадым.

Апалардын жаз майрамын куттуктап,

Ушул ырды сиздер үчүн арнаймын.

 

Жекече ыр:   “Тилегим”

Мугалим:        Акыйнек ырын айталы,

Акылдуу сөздөн башталган.

Акыйнек ырын ырдайлы,

Апаларды даңктаган.

 

Бала:               8-март майрам,

Апалардын майрамы.

Ошол күнү негедир,

Апам жүрөт жайдары.  Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Кыз:                Апалардын майрамын,

Үйдө эч ким унутпайт,

Ошол күнү тамакты,

Атам жасап куттуктайт.   (3-4 окуучу дагы айтат)

Хор:              Апаларды дайыма,

Ардактайлы, сүйөлү,

Апа кымбат экенин,

Эсибизге түйөлү.      Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Мугалим:       Апаларды барктаган,

Сонун сөздү айттыңар.

Апаларды кубантып,

Жүрөгүнөн орун таптыңар.

Мугалим:       Апаларга жылуу сөздү арнайлы,

Апаларды  бүт ааламга даңктайлы.

(Музыканын коштоосунда жылуу сөздөрдү айтышат. 10-15 окуучу)

  • Апаке! Айым менин! Апаке! Сиз сулуусуз! Апаке! Жаным менин! ж.б.

Хор:  Тизе бүгүп, таазим этип,

Сунабыз сизге гүл десте.  (өздөрү жасаган гүлдөрүн белекке беришет)

Сабактоо бышыктоо: Бүгүнкү майрамды куттуктап,

Кубанып, каалоо айттык бул кечте.

Калемим жараткан ырлардан,

Сунайын сиздерге ыр десте.                                                                        (Мугалим өз калеминен жаралган ырын окуйт.”Апалардан жүрөгү оорубасын”)

Сабакты жыйынтыктоо:  Жыйынтыктап жатып балдар сабакты,

Сабак жакса көтөрөлү бармакты.

Таазим кылып, башыбызды ийебиз,

Апаларга, эжейлерге ардактуу.

 

Баалоо:  Апаларды ардактап,

Жакшы сөздөр айттыңар,

Сабакка жигер катышып,

Балдар, мага жактыңар!

“Азамат”деген бааны,

Ар бириңер таптыңар!

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер