АЛЫСКЫ АЙЫЛДАГЫ МЕКТЕПТИН ИЙГИЛИКТЕРИ
- 19.12.2018
- 0
Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган “Дүйнөлүк адабиятынын алпы Ч.Айтматовго — 90 жыл” чыгармаларынан үзүндү көрсөтүү боюнча Ак-Суу районундагы А.Айтпаев атындагы орто мектептин окуучулары чыгармаларынан үзүндү көрсөтүү боюнча райондук сынакта 2-орунга ээ болушту. Ал эми “Сильва” Билим борбору жарыялаган “Менин биринчи мугалимим” аттуу дилбаян сынагына башталгыч классынын мугалими Ч.А.Элебесова катышып, биринчи сыйлыкка татып, Ч.Айтматовго арналган фотоальбом, сертификатка ээ болуп кайтты.
Алгылыктуу иштер
Аман Айтпаев атындагы орто мектебинде 2018-2019-окуу жылында 354 окуучу билим алууда. Алардын билим сапаты 43 процентти көрсөттү. Окуучулар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келатышат. Мектепте 30 мугалим үзүрлүү эмгектенишүүдө, алардын ичинен 22 мугалим жогорку билимдүү, сегиз мугалим атайын орто билимдүү. “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисин он мугалим тагынып жүрсө, алардын ичинен беш мугалим ардактуу эс алууга чыгышты. Алардын орду жаш мугалимдер менен толукталууда.
- Мугалимдер өз билимдерин өркүндөтүү үчүн ОИУУдан жаңы технология менен заман талабына ылайык курстарга катышып жатышат. Мектепте көп жылдан бери талыкпай иштеп келаткан физика мугалими А.Исаева сабакты өтө жогорку деңгээлде көрсөтмөлүү өтүү менен жаш мугалимдерге насаатчылык милдетин аткарып келатканын айтпай коюуга болбойт. Айыл өкмөтү тарабынан класс ичиндеги күйүп кеткен батареялар алмаштырылууда. Мугалимдер мамлекеттик стандартты ийгиликтүү ишке ашыруу менен компетенттүүлүктөрдүн негизинде сапаттуу билим берип жатышат. Райондук кыздар арасындагы баскетбол боюнча мелдеште мектептин командасы 3-орунга ээ болушту, — дейт мектептин директору С. Шорукова.
Көркөм өнөр жетекчи Ж.Нурдалиева мектепте “Жаш тилек” бий ансамблин уюштуруп, райондук, облустук кароо-сынактарга катышып, гран-при, баш байгелердин ээси болуп келишүүдө.
- Мугалимдерибиз “Жыл мугалими” сынагына катышып, райондук, облустук деңгээлде гран-при жана баш байгелерди багындырышкан. Атап өтсөк: англис тили боюнча мен (С.Шорукова), башталгыч класстын мугалими Э.Кашкороева жана информатика сабагынын мугалими А.Супатаева. Республикалык “Тынчтык борбору” коомдук фондунан У.Тюлебаев “Сен сүйгөн кыргыз макалы” эссе сынагында кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болгон, — дейт директор.
Эгер өткөн жылдардагы ийгиликтерин карап көрсөк, “Тарых жана маданият” жылына карата мектеп окуучулар арасындагы театр-фестиваль сынагында Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” эпикалык драмадан үзүндү коюп, республикадан диплом жана 10000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышкан. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата жарыяланган дилбаяндар сынагына катышып, республикадан Аймактарды өнүктүрүү борборунан I даражадагы дипломго Ырыскелди кызы Айгерим, мактоо баракчалары менен Аблабек кызы Айзат, Азамат кызы Махабат ээ болгонун айтып коюу парз. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Б.Маанаева сынакка даярдаган мугалим деп I даражадагы дипломго, Ж Баласагындын “Кут алчу билим” томдугу менен сыйланган. Ал эми ”Сен сүйгөн кыргыз макалы” сынагына төрт окуучу катышып, 2-3-орундарды багындырып келишкен.
Акыркы үч жылдын ичинде облустук олимпиадада мектептин окуучулары катышып, физика сабагынан Э.Сапарбаев 2-орунга татыктуу болсо, биология сабагынан К.Рысбекова, Аблабек кызы Айзат тарых сабагынан катышып келатышат.
- Республикалык ЖРТда 2016-2017-жылы окуучуларыбыздын 52 проценти жогорку көрсөткүчтү берди. 2016-2017-окуу жылында Мамлекеттик аккредитацияны ийгиликтүү тапшырдык. Америка Кошмо Штатынын Элчилиги уюштурган “Америкалык ыр — 2018” англис тилинде ыр сынагында биздин мектептин окуучулары мектепте, райондо, облуста баш байгелерди багындырып, ыр сынактын финалисти болуп табылды. Бул сынакка даярдоодо мага музыка мугалими Ж. Нурдалиева жардам берди. Баса, учурунда 19 жыл мектепти жетектеп келген Р.Айтакунованын мектепке кошкон салымы зор. Азыркы күндө эжебизди ардактуу эс алууга узаттык. Ал ушул жылдарда 16 проекти менен мектепке ар тараптан үч миллиондон ашык суммадагы долбоорлорду ишке ашырды, — дейт С.Шорукова.
Быйыл бул мектептин ата-энелери ар бир классты талапка ылайык жаңыртып беришти. Мындан сырткары мектеп ичине айыл өкмөтү тарабынан интернет түйүнү коюлуп, спорттук инвентарлар алынды.
Жаңыча ойлонгон директор
Жаңы окуу жылынан баштап А.Айтпаев атындагы орто мектепке мурдагы директордун тарбия иштеринин орун басары Салтанат Шорукова директорлук орунга бекитилди.
С.Шорукова кесиби боюнча англис тили мугалими. Ал 2017-жылы Тышкы иштер министрлигинин ITEC программасынын жеңүүчүсү болуп, Нью-Дели шаарындагы NIIT университетинин “Англис тилинде баарлашуу жана түйүндө иштөө ыкмасы” эки айлык курсун аяктап, өз билимин өркүндөтүп сертификатка ээ болгон жаңыча көз караштагы мектеп жетекчиси.
С.Шорукова Американын Кыргызстандагы элчилиги жана IREX уюштурган англис тили мугалимдеринин өз билимин өркүндөтүү жана билим сапатын жогорулатуу программасынын жеңүүчүсү болуп таанылып, АКШнын Монтана Штатындагы Монтана улуттук университетинде алты жумалык курсту окуп, Бозмен шаарындагы мектебинде практикалык тажрыйба алмашып келгенин айтып коюу керек.
Ал Ак-Суу райондук “Форум” англис тили мугалимдер ассоциациясынын координатору жана ”Лингва” мектебинен тренерликти аркалап, өз иш тажрыйбасы англис тили мугалимдер менен бөлүшүп келет.
Эл эмгектен эскерет
- Жакында эле мектептин атын алып жүргөн Аман Айтпаев атабыз дүйнө салды. А.Айтпаев атабыздын наамын мектептин жамааты жана окуучулары менен бирдикте даңазалап, талыкпай чыгармачылык изденүү менен Аман атабыздай атуулдарды тарбиялап, өстүрө бермекчибиз. Айтпаев атабыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сактала берет. Мен ал кишинин өмүр баянына токтоло кетейин, Анткени ал кишинин биздин мектепке жасаган эмгеги зор, — дейт мектеп директору.
Аман Айтпаев 1931-жылы Казакстандын Алматы облусунун Челек районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1932-жылы анын ата-энеси Кыргызстандын Каракол совхозуна келип, жашоосун улантышкан.1946-1950-жылдарда Фрунзе шаарындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган. Өзүнүн кесиби мал доктур болсо да, тагдырдын буйругу менен 50 жылга жакын эмгектенген мезгилдин 40 жылдан ашыгын жетекчилик кызматта өткөргөн. Анын ичинен 30 жылдан ашык чарба башкарып, 11 жыл Ысык-Көлдөгү Каракол совхозунда директор, 4,5 жыл Кемин райаткомунун төрагасы, кийинки 20 жылда Каракол шаарына караштуу Кундуз айыл чарба жамаатын башкарган. Каракол айылында 30 жылга жакын жашап, эмгектенген. Мектептин имараты 1972- жылы Аман Айтпаевдин жетекчилиги алдында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Ошого чейин 60-жылдарда Аман Айтпаев орто мектебинин имаратын 300-400 окуучу бата тургандай кеңейтип курдурган. Айылга анын ичинен мектепке салымы көп болгондуктан, Каракол айылындагы орто мектепке анын аты ыйгарылган.
Ал Кыргызстан Борбордук Комитетинин, айыл чарба министрлигинин Өтмө Кызыл Туусун жана жогорку сыйлыктарды алган. Ошондой эле Аман Айтпаев Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак” грамотасынын, ССР Жогорку Совети тарабынан “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы менен сыйланган.1971-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 8-чакырылышына депутат болуп шайланган. 1997-жылы экс-президент Аскар Акаев эгемендүү мамлектеттин алгачкы сыйлыктарынын бири “Даңк” медалы менен сыйланган.
- Жыл сайын өзүнүн аты коюлган Каракол айылындагы А.Айтпаев атындагы орто мектепке келип, өзүнүн атынан мыкты окуган окуучуларга стипендия берип, окууда ийгилик жаратууга дем күч берип келди. Ошондой эле окуучуларга баалуу белектерди тапшырып, мектептин босогосун жаңы аттаган окуучуларга окуу куралдарын жана китепкап тапшырганын айтып коюу зарыл. Мектептин китепканасына жетишпеген башталгыч класстын окуучуларына окуу куралдарын жана өзү жазган “Кондойдун сыры” аттуу китептери менен камсыздачу. Кызы Гүлнара Айтпаева жетектеген “Айгине” маданий-изилдөө борборунан методикалык жана адабий чыгармалары тартууланган. Алдыңкы көрсөткүчтөрдү берген мугалимдерге сыйлыгын тапшыруу менен мугалимдердин ийгилик жаратуусуна өбөлгө түзүп келди, — дейт Салтанат Шорукова.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”, Бишкек — Каракол — Бишкек
Комментарийлер