АЛТЫБАЕВ ШАРШЕНБЕК  АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 15.03.2023
  • 0

АЛТЫБАЕВ ШАРШЕНБЕК  АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫНарындагы Ү.Асанов атындагы лицейде  окуп-билим алууда жогорку  жетишкендиктерди көргөзгөн, үлгүлүү жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн, мыкты окуган окуучулар Эл агартуунун отличниги, КРнын «Ардактуу аксакалы», Нарын облусунун, районунун «Ардактуу атуулу» Алтыбаев Шаршенбек Исакович агайдын  атындагы стипендия менен сыйланышты.

Окуучулар менен катар география мугалими Тынайбекова Зарина да акчалай сыйлыкка ээ болду. Стипендияны агайдын үй-бүлөсү, балдары келип тапшырышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Ш.Алтыбаевдин  балдары, үй-бүлөсү мектепте Алтыбаев Шаршенбек атындагы география кабинетин  ачып берип, ар жыл сайын жакшы окуп, мыкты жыйынтык көрсөткөн окуучуларга стипендия берүү пландалган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер