АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

  • 08.10.2018
  • 0

Окуу-тарбия ишиндеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана окуучулардын билим сапатын жакшыртуудагы ийгиликтери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен А.Кыдырмаева, Т.Сандыбаев, Абдыназарова, Т.Айталиева сыйланды. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси Р.Мантусова менен Н.Сүйналиевага тапшырылды. Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары менен 20 мугалим, коомдук уюмдардын «Эл сыймыгы», «Насаатчы», «Даанышман», «Калк кадырлаган инсан», «Ардактуу мугалим» төш белгилери менен 9 мугалим, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен 19 мугалим, ыраазычылык каты менен 17 мугалим сыйланды. Ал эми Жалал-Абад облустук усулдук борборунун грамоталары 13 мугалимге тапшырылды.

Сыйлоо аземинен кийин иш-чара оюн-зоок, майрамдык концерт менен улантылды. Алып баруучулук жоопкерчилиги №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин таланттуу мугалимдерине тийип, шаардагы 8 мектеп, 3 бала бакчанын өнөрлүү мугалим-тарбиячылары бийлеп, мугалимди даңазаланган ырларды тартуулашты.

Бүгүнкү күндө шаарда 350дөн ашык мугалим билим берүү тармагында эмгектенет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер